Page 5 - Презентация PowerPoint
P. 5
Легендалар — Бегимай менен Раймалынын махабаты, Эне-
Бейит жана маңкурт болуп кеткен Дөнөнбай тууралуу
легендалар камтылган. Бул уламыштар автор тарабынан
азыркы учурдун көйгөйлөрү менен түздөн-түз
байланыштырылган.
Эне-Бейит — ата-бабанын мурасы, алардын денеси
жашырылган жер. «Эне – Ата Мекендин башталышы, эне —
бул эне тил, эне — бул эмчек сүт менен бирге жаралган
абийир» деп жазат автор.
Жазуучу экинчи уламышта Раймалы менен он гүлүнүн бир
гүлү ачыла элек Бегимайдын махабатын берген. Автор
легенда аркылуу адам баласына бир келүүчү махабат сезими
карылыгына карабай Раймалынын, жаштыгына карабай
Бегимайдын бирдей эле деңгээлде жан дүйнөлөрүн ээлеп
алганын көрсөткүсү келген.
Document shared on https://www.docsity.com/ru/kylym-karytar-bir-k-n/7422413/
Downloaded by: noname-35 (tyuthis73@gmail.com)