Page 11 - ДЕЛБИРИМ даниель
P. 11
Повесттин негизинде акын Сүйүнбай Эралиев “Ырым –
сен” аттуу драмалык поэмасын жазса, композитор
Мукаш Абдраев “Илиястын баяны” аттуу симфониялык
чыгарма берген. Казактын белгилүү акын-жазуучусу,
обончусу, домбрачы Илья Жаканов Аселге арнап
“Асель” деген ыр жазып, ага обон чыгарган. Дагы бир
обонду Жолдошбек Бусурманкуловдун сөзүнө Жекшен
Тагаев өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында обон
чыгарган, ал ырды эл арасына Түгөлбай Казаков,
Анарбек Ибраев, Асылбек Өзүбеков, Мирбек Атабеков
ж.б. таланттуу аткаруучулар таратып жүрөт.