Page 9 - ДЕЛБИРИМ даниель
P. 9
Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук
жалжалым” повести “Долон” деген ырдын
жазылышына да себеп болгон. 1966-жылы
Нарын музыкалык драма театры Айтматовдун
аталган повесттин сахналаштырып, ага созун
Жумамүдүн Шералиев, обонун Калыйбек
Тагаев менен биргеликте “Долон” ырын
жаратышкан. Аны Сагыйпа Чечейбаева
аткарып, ырдап чыккан. Арадан көп жыл өтсө
деле бул ыр эң кеңири таралган
чыгармалардын катарына кирет.