Page 74 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 74
74 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ МАТРИЦАЛАР
17-тема:
Матрицалар
Матрица – бул таблицалык структурага ээ болгон эки өлчөмдүү массив.
Эки өлчөмдүү массивдер деле бир өлчөмдүү массивдердей баяндалат.
Айырмасы эки өлчөмдүү массивдин элементинде эки координата (эки ин-
декс) – элемент жайгашкан саптын жана мамычанын номерлери бар.
Мисалы, «Х жана О» оюну үчүн программаны түзүүдө бош клеткаларга
«-1» кодун, нөл бар клеткага 0 кодун, ал эми Хтер бар клеткага 1 кодун
ыйгарса болот:
0 1 2
0 -1 0 1
1 -1 0 1
2 0 1 -1
Python тилинде таблицалар менен иштөө үчүн тизмелерди колдонушат.
Эки өлчөмдүү таблица – бул ар бир элементи тизме болуп сакталган тизме
(«тизмелердин тизмеси»). Мисалы, сүрөттө көрсөтүлгөн таблицаны мындай
жазсак болот:
a = [[-1, 0, 1],
[-1, 0, 1],
[0, 1, -1]]
Бул тизменин бир сапка да жазса болот:
a = [[-1, 0, 1], [-1, 0, 1], [0, 1, -1]]
Бирок адам матрицаны таблица катары кабыл алгандыктан, аны экранда
да таблица түрүндө чыгарган жакшы. Ал үчүн матрицаны мындай жазсак
болот:
a = [[-1, 0, 1], [-1, 0, 1], [0, 1, -1]]
for i in range ( len(a) ):
for j in range ( len(a[i]) ): {:4d} чыгаруу форматы –
print ( '{:4d}'. мамычалардын арасындагы
format(a[i][j]), end = '' ) талааны кеңейтет: биздин
print () мисалда ар бир элементтин
>>> алдында 4 бош орун коюлат.
www.trk.kg