Page 75 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 75
МАТРИЦАЛАР 75
-1 0 1
-1 0 1
0 1 -1
Мында i – камтылган тизменин индекси (саптын санын аныктайт), ал эми
j – камтылган тизменин ичиндеги элементтин индекси (мамычалардын
санын аныктайт); len(а) – бул чоң тизмедеги камтылган тизмелердин
саны (бул жерде алар 3), len(а[i]) – мамычалардын саны менен дал келген
камтылган тизмедеги элементтердин саны.
a [i] [j] – бул j индекси менен i камтылган тизмесиндеги элемент:
a[0][0]==-1, a[0][1]==0, a[0][2]==1, a[1][0]==-1, ж. у. с.
Бул мисалды мындай жазса да болот:
for row in a: #а сабында
for elem in row: #саптагы элемент үчүн
print(elem, end=' ') #элементтерди чыгар
print()
1-маселе. Матрицаны кокустук сандар менен толтурабыз. Саптын жана
мамычанын санын клавиатурадан киргизебиз.
Матрицанын ар бир элементине каалагандай маанини ыйгарууга болот.
Индекстер экөө болгондуктан матрицаны толтуруу үчүн камтылган циклди
колдонобуз. Мындан ары n сабынан жана m мамычасынан турган a матри-
цасы бар деп, ал эми i жана j – саптын жана мамычанын индексин билдир-
ген бүтүн сандуу өзгөрмөлөр деп эсептейли. Бул мисалда матрица кокустук
сандар менен толтурулат жана экранга чыгарылат:
import random
n = int(input ('Саптын санын киргизгиле: '))
m = int(input ('Мамычанын санын киргизгиле: '))
a = []
for i in range (n):
a.append([])
for j in range (m):
a[i].append (random.randint (10,40))#ар бир элемент-
ке 10дон 40ка чейинки кокустук сан ыйгарылат
for i in a: #ар бир камтылган тизме жаңы саптан чыгарылат
print (i) #бирок чарчы кашаада
>>>
[33, 16, 31, 33] #n=2, m=4 болгондогу кокустук сандар
[39, 35, 11, 15]
www.trk.kg