Page 77 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 77

МАТРИЦАЛАР                      77




              a[i][i] = 1                #аны бирлер менен толтурабыз
            Диагоналдан оң жактагы элементтерди нөлдөр менен толтурушубуз керек,
            ал үчүн i номериндеги ар бир саптагы a[i][j] элементтерине j=i+1, ..., n-1
            үчүн 0 маанисин ыйгарышыбыз керек. Бул жерден бизге камтылган цикл
            керек болот:

                           for i in range(n):
                                  for j in range(i + 1, n):
                                         a[i][j] = 0
            Ушундай жол менен эле j=0, ..., i-1 үчүн a[i][j] элементине 2 маанисин ый-
            гарабыз:

                           for i in range(n):
                                  for j in range(0, i):
                                         a[i][j] = 2
            Эгерде сырткы циклдерди бирөөгө чогултсак, анда мындай болгон бир
            чыгарылышын алабыз:

                           n = 4
                           a = [[0] * n for i in range(n)]
                           for i in range(n):
                                  for j in range(0, i):
                                         a[i][j] = 2
                                  a[i][i] = 1
                                  for j in range(i + 1, n):
                                         a[i][j] = 0
                           for row in a:
                                  print(' '.join([str(elem) for elem in row]))







                  КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:


                  1) n саптан жана m мамычадан турган тик бурчтуу a матрица-
                  сын кокустук сандар менен толтургула. Массивдин элементте-
                  ринин орточо арифметикалык маанисин тапкыла.
                  2) Матрицанын ар бир сабы үчүн табылган орточо маанилери-
                  нин эң чоңун аныктагыла.






                                                                       www.trk.kg
   72   73   74   75   76   77   78   79   80