Page 5 - Кыргызстан тарыхы 11 - кл
P. 5
I Б Ө Л Ү М
ишмердиктери менен да тааныша аласыңар. Буга чейин
окуу китептеринде кеңири чагылдырылган маселелерге
азыраак, ал эми көмускөдө калып келген окуяларга кө-
бүрөөк орун берилди. Документтуу материалдарды текст- КЫРГЫЗСТАН РОССИЯ ИМПЕРИЯСЫНЫН
тин ичине, тарыхый окуяга байланыштырып бердик. Окуу ЖАНА СССРдин КУРАМЫНДА
китебинин мындай тузулушу силерди өз алдынча ой жу-
гуртуугө, тыянак чыгарууга уйрөтөт деген ойдобуз.
Авторлор
§(Г) КЫРГЫЗСТАНДЫН РОССИЯГА КАРАТЫЛЫШЫНЫН
ӨБӨЛГӨЛӨРҮ
Түркстан Роесиянын Россиянын Борбордук Азияга умту-
колониялык объектиси лушунун экономикалык жана саясий се-
(XIX к. ортосу) бептери болгон. XIX к. 30-60-жж. эл
аралык кырдаал боюнча Россия Түрк-
станга ээ болууга биринчи кезекте саясий себептерге байла-
ныштуу аракеттенген. Анткени Чыгыштын коңшу мамлекет-
тери менен Британия империясьГ Түркстанды, анын ичинде Кыр-
гызстанды, басып алууга аракеттене баштаган. Түркстандын сая-
сий стратегиялык маанисин түшүнгөн Россия айрым мамлекет-
тердин, өзгөчө Британиянын мындай аракетин чектөө үчүн бул
регионду тезирээк колго алууга умтулган. Ошол кезде Россия
үчүн Түркстан менен соода жүргүзүү анчалык деле пайдалуу эмес
болчу. Анткени XIX к. аягына чейин эле Түркстанга товар алып
келүүгө караганда, Россияга товар сатуу басымдуулук кылып
турган. Демек, орус падышачылыгы Түркстанга, адегенде сая-
сий өңүттөн умтулган. Түркстан Россияны товарларды сатып
алуучу жана өнөр жайына керектүү чийки заттарды берүүчү
чөлкөм катары экинчи кезекте кызыктырган.
Россиянын орто кылымдарда эле башталган чет-жакаларга
жылуусу улам каратылып алынган чөлкөмдөргө чептерди ку-
руу менен акырындап бекемделе берген. Чыгышка жылуунун
натыйжасында XVIII к. аягында Оренбург жана Сибирь тилке-
лери калыптанган. Казак талааларында оруска тиешелүү тил-
келер пайда болуп, чептер курула баштаган.
Россия бийлиги XIX к. 30-жж. Сыр-Дарыя менен Чүй дарыя-
ларынын ортосун ээлөө үчүн Жети-Сууну каратуунун алгачкы
пландарын иштеп чыккан. Планда Жети-Сууну каратып алуу-
нун саясий, экономикалык мааниси айтылып, эгер мындай ара-
кет ишке ашса, Россия Индияга чейин ийгиликтүү жүрүш жа-
сай алат деген идеялар бар эле. Орус өкмөтү Борбордук Азияга
жылуу саясатына өтө кылдат мамиле кылууга аракеттенген.
www.trk.kg Анткени Евразия континентиндеги «чыгыш маселеси» деп атал-
5