Page 2 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 2
УДК 373.167.1
ББК 73 Я 721
И 74
Окуучулар үчүн Python тилинде программалоо: Python программалоо тилин үйрөнүү үчүн
окуу куралы / Л. Самыкбаева, А. Беляев, А. Палитаев, И. Ташиев, С.Маматов – «Сорос-Кыргызстан»
И 74 Фонду, 2019 – 80 б.
ISBN 978-9967-31-911-0
Бул окуу куралы программалоонун негиздерин үйрөнгүсү келген бардык балдарга арналат.
Китеп Python программалоо тили боюнча киришүү курсу болуп саналат жана программалоого
үйрөнүү үчүн өздөштүрүш керек болгон негизги түшүнүктөр (берилиштер, өзгөрмөлөр, циклдер,
функциялар жана графика) менен тааныштырат. Азыркы күндө Python дүйнөдөгү эң популярдуу
программалоо тилдерине кирет. Анын негизинде жөнөкөй тиркемелер жана оюндар гана эмес,
автоматташтырылган системалар үчүн татаал программалар да иштелип чыгат. Python тили жаңы
үйрөнүп жаткандар үчүн эң жөнөкөй тил, ошондуктан дүйнөнүн көпчүлүк өлкөсүндө аны үйрөнүүнү
мектептен башташат. Бул окуу курал Python программалоо тилин мектептин «Информатика»
сабагынын программасынын алкагында да, өз алдынча үйрөнүүдө да колдонулушу мүмкүн.
Окурмандардын кеңири чөйрөсү үчүн
Окуучулар үчүн Python тилинде программалоо
Китептин э-версиясы bizdin.kg сайтына жайгаштырылган.
Котормочу: Касымбек Жунусалиев
Текст редактору: Ысмайыл Кадыров
Компьютердик калыпка салган: Абдымалик Токталиев
Бул окуу китеби ачык билим берүү ресурсу болуп саналат жана Creative Commons Attribution 4.0.
CC-BY (Авторлукту көрсөтүү менен) ачык лицензиясы алдында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун
колдоосу менен жарыяланды.
Бул лицензия үчүнчү жактарга бүтүндөй китепти же анын каалаган бөлүгүн китептин авторлоруна
сөзсүз түрдө шилтеме жасоо менен, эркин түрдө жайылтууга, туунду чыгармаларды (ремикстерди,
котормолорду) түзүүгө, ыңгайлаштырууга, анын ичинде коммерциялык максаттарда да
пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Бул лицензиянын шарттары тууралуу кеңири маалымат https://creativecommons.org/ сайтында
берилген.
«Сорос-Кыргызстан» Фонду, 2019
www.trk.kg