Page 7 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 7
PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ 7
Python тилинде өзгөрмөлөр биринчи колдонулганда эле, тагыраак айткан-
да аларга алгачкы маанилерди ыйгарууда эсте түзүлөт.
Мисалы ыйгаруу операторун аткарууда:
a = 4
эсте а аталыштагы жаңы өзгөрмө түзүлөт («бүтүн сан» тибиндеги объект).
Эми ушул ат менен өзгөрмөгө кайрыла берсек болот: анын маанисин окуй-
буз жана өзгөртөбүз.
ЭСИҢЕ ТУТ
Өзгөрмөлөрдүн атында латын тамгала-
рын (кичине жана баш тамгалар айыр- Өзгөрмөнүн аты цифра
малуу болот), цифраларды жана астына менен башталбаш керек,
сызылган сызыкты («_») колдонсо болот. анткени трансляторго кайсы
Колдон келсе өзгөрмөлөргө ал кандай жерден цифра, ал эми кай-
роль аткара тургандыгын ошол замат сы жерден өзгөрмөнүн аты
түшүнө тургандай тиешелүү аттарды баштала тургандыгын айыр-
бериш керек. малоо кыйын болуп калат.
Pythonдо өзгөрмөнүн тиби автоматтык түрдө аныкталат. Өзгөрмөнүн тиби
жөнүндө кеңири маалыматты кийинки темадан карайбыз.
Алгоритмди жазуу үчүн биз үч маселени чечишибиз керек:
1
1 1 клавиатурадан эки санды киргизип, аларды өзгөрмөлөргө жазуу
2 (аларды a жана b деп атайлы);
2 2
бул эки санды кошуп, жыйынтыгын с деген үчүнчү өзгөрмөгө жазуу;
3 с өзгөрмөсүнүн маанисин экранга чыгаруу.
3 3
Өзгөрмөнүн маанисин киргизүү үчүн input оператору колдонулат:
4
4 4
5 a = input()
5 5
Бул сап аткарылгандан кийин система өзгөрмөнүн маанисин клавиатура-
дан киргизүүнү күтөт. Enter баскычын басканда, бул маани а өзгөрмөсүнө
жазылып калат. input операторун чакырууда кашаанын ичине түшүндүр-
мө билдирүүнү жазып койсо болот:
a = input ('Бүтүн санды киргиз: ')
Эки маанини кошуп, жыйынтыгын с өзгөрмөсүнө жазуу өтө оңой:
c = a + b
www.trk.kg