Page 12 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 12

12              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                                МААЛЫМАТТАРДЫН ТИБИ




            Сандар теориясынын көз карашы боюнча, калдык – бул оң сан, ошондуктан
            -7 = (-4)*2 + 1, башкача айтканда -7ни 2ге бөлгөндөгү тийинди -4кө бара-
            бар, ал эми калдык 1ге барабар болот.

            Pythonдо даражага көтөрүү амалы эки жылдызча менен белгиленет: «**».
                              3
            Мисалы y = 2x +z  туюнтмасы мындай жазылат:
                           2
                                         y = 2*x**2 + z**3
            1-маселе. Үч бурчтуктун аянтын табуучу программа түзгүлө, эгерде анын
            негизинин узундугу жана бийиктиги белгилүү болсо.

            Геометриядан белгилүү болгондой үч бурчтуктун аянты үч бурчтуктун неги-
            зинин (а) жарымын анын бийиктигине (h) көбөйткөнгө барабар:

                                                S =  1  ah
                                                    2
            Бул формуланы мындай жазсак да болот: s=(a*h)/2
                   a = 10
                   b = 3
            Эми программаны түзөлү жана үч бурчтуктун негизинин узундугун 6 см
                   c = a/b
            жана бийиктигин 4 см деп киргизели.
                   print ('c =', bool (c))
                 Python тилиндеги программа                    Экранга чыккан жыйынтыгы

             a = float(input('Негизинин маанисин киргизиңиз: '))  Негизинин маанисин киргизиңиз: 6
             h = float(input('Бийиктигинин маанисин киргизиңиз: ')) Бийиктигинин маанисин киргизиңиз: 4
             s = (a*h)/2                                      Жообу: s= 12.0
             print ('Жообу: s=',s)
            Кокустук сандар
            Кокустук бүтүн санды алуу үчүн алгач Pythonго randint функциясын жүк-
            төйлү. Ал үчүн консоль терезесинде import командасын колдонобуз:

                           >>> from random import randint
                           >>> randint (1, 10)
                           7
            randint() функциясы биринчи сандан экинчи санга чейинки диапазондо
            кокустук санды тандап алды. Биздин мисалда ал 7 цифрасын тандады.

            Стандарттык функциялар

            Python тилиндеги көптөгөн стандарттык функциялар кызматы боюнча топ-
            торго бөлүнгөн. Ар бир топ модуль деп аталган өзүнчө файлга жазылган.
            Математикалык фукциялар math модулунда топтолгон.








                                                                       www.trk.kg
   7   8   9   10   11   12   13   14   15   16   17