Page 8 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 8

8               PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                       PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ




            «=» символу – бул ыйгаруу оператору, анын жардамы менен өзгөрмөнүн
            маанилери өзгөртүлөт. Ал төмөнкүдөй аткарылат: «=» символунун оң
            жагындагы туюнтма аткарылат, андан соң анын жыйынтыгы сол жагында
            жазылган өзгөрмөгө ыйгарылат. Ошондуктан, мисалы

                 i = i + 1, бул команда i өзгөрмөсүнүн маанисин бирге көбөйтөт.
            с өзгөрмөсүнүн маанисин экранга print оператору менен чыгарабыз:

                                              print (c)
            Бардык программа:

                 Python тилиндеги программа               Экранга чыккан жыйынтыгы

                                                          Бүтүн сан киргизиңиз: 2
              a = input ('Бүтүн сан киргизиңиз:')
              b = input ('Бүтүн сан киргизиңиз:')         Бүтүн сан киргизиңиз: 3
              с = а + b                                   23
              print (c)


            Биз көрүп тургандай эки сан кошулган жок: программа аларды биринин
            артына экинчисин жазып, бириктирип эле койду. Анткени мындай жазууда
            input оператору киргизилген маанилерди сан катары эмес, символ катары
            кабыл алат.
            Бул катаны оңдош үчүн маанилерди киргизүүдө алынган символдук сапты
            бүтүн санга өзгөртүп түзүшүбүз керек. Бул болсо int (англ. integer – бүтүн)
            функциясынын жардамында ишке ашат.

                                         a = int (input())
                                         b = int (input())
            Дагы бир варианты бар: эки сан эки сапта эмес бир сапта бош орун менен
            ажыратылып киргизилет. Бул учурда маанини киргизүү кыйыныраак:

                              a, b = map (int, input().split())
            map() – берилген функцияны тизменин бардык элементтерине тиешелүү
            кылат; биздин учурда бул саптагы элементтерди бүтүн санга айланткан
            int() функциясы.
            split() – сапты маселелерге жараша бөлүктөргө бөлөт; жыйынтыгында тиз-
            мени кайтарат.

            Жыйынтыгында map () функциясынын ишинен кийин биз эми сандардан
            турган жаңы тизмени алабыз. Биринчи киргизилген сан (тизменин биринчи
            элементи) а өзгөрмөсүнө, ал эми экинчиси – b өзгөрмөсүнө жазылат.





                                                                       www.trk.kg
   3   4   5   6   7   8   9   10   11   12   13