Page 4 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 4
4 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ
1-тема:
Python программалоо тили
Python программалоо тили – бул жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн да жетки-
ликтүү болгон, ар түркүн багыттагы программаларды түзүү үчүн колдонул-
ган аспап. Эгерде силер Scratchте блоктор менен программа түзүп жүргөн
болсоңор, анда Python тилинде программа түзүү силерге оңой эле болот.
Келгиле, командалар Python жана Scratch тилдеринде кандай жазыла тур-
гандыгын салыштыралы.
variable
Scratch set variable to 0 variable = 0 Python
change variable by 1 variable = variable +1
Шарттар ушундай көрүнөт:
if then if True :
# бир нерсе жасоо керек
Scratch if then if True : Python
else #бир нерсе жасоо керек
else:
#бир нерсе жасоо керек
Python коду оңой окулат, ал эми интерактивдүү кабыкчасы болсо програм-
маны киргизип, ошол замат жыйынтыгын алганга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө бул программалоо тилинде банктар, телекоммуникациялык
компаниялар үчүн программалар жазылат, көптөгөн аналитиктер ушул
тилдин жардамындагы маалыматтар менен иштешет. Өтө жөнөкөй синтак-
систин натыйжасында бул тилде программалоону баштоо жеңил.
Python тилинде программалоо үчүн өзүңөрдүн компьютериңерге акысыз
программалоо чөйрөсүн орнотушуңар керек. Аны https://www.python.org/
downloads/ сайтынан жүктөп аласыңар.
Python менен бирге компьютерде программаларды киргизүү үчүн IDLE –
иштетүү чөйрөсү да орнотулат.
www.trk.kg