Page 6 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 6
6 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ
Программа биринчиден файлга жазылып (адатта .ру кеңейтилиши менен)
жана ишке киргизүүдө толугу менен аткарылган ыкма программалык ре-
жим деп аталат. Мындай программалык файл Pythonдо скрипт деп аталат
(англ. Script – сценарий).
Pythonдо андан тышкары бир да операторду АНЫКТАМА
(команданы) камтыбаган бош программалар
да болот. Көбүнчө булар комментарийлер Интерпретатор – бул си-
(адатта # белгисинен кийин жазылат) – ин- лердин программаңар-
терпретатор менен иштетилбеген түшүндүр- ды окуп, андагы камтыл-
ган нускамаларды
мөлөр. аткаруучу программа.
# бул бош программа
Python тилиндеги функциялар
Pythonдо көптөгөн функциялар бар, аларды чакырууда андагы камтылган
командаларды программалар аткарышат.
print() input() randint()
print функциясы маалымат- input функциясы тескери- randint функциясы
ты экранга чыгарып берет. Ал синче, колдонуучу белгилүү диапазондон
өзгөрмөлөрдүн маанилерин, тарабынан программага кокустук санды кайтарат.
ошондой эле туюнтманын берилиштерди киргизүүгө
маанисин да чыгара алат. мүмкүндүк берет.
*Кашааларга бул функция иштей турган маанилери көрсөтүлөт.
print функциясы апострофко же тырмакчаларга алынган символдор-
ду экранга чыгарат. Бул команда аткарылгандан кийин автоматтык түрдө
кийинки жаңы сапка өтөт.
Өзгөрмөлөр АНЫКТАМА
Эки санды кошууну аткаруучу про- Өзгөрмө – бул атка, тибине
грамманын алгоритмин түзөбүз: жана маанисине ээ болгон
1) колдонуучудан бүтүн эки санды чоңдук. Өзгөрмөнүн мааниси
сурайт; программанын аткарылуу учу-
2) аларды кошот; рунда өзгөрө алат.
3) кошуунун жыйынтыгын чыгарат.
Маселенин шартында эске сакташ
керек болгон маалыматтар пайда болду дейли. Ушулар үчүн өзгөрмөлөрдү
колдонушат. Өзгөрмөлөр (каалагандай эс уячасындай) бир гана маанини
сактай алат. Ага жаңы маанини жазууда мурункусу өчүрүлөт жана аны эч
кандай калыбына келтирүүгө да болбойт.
www.trk.kg