Page 9 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 9

PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                     9



            Берилген функцияларды эске алуу менен программаны кайра жазалы:
                 Python тилиндеги программа              Экранга чыккан жыйынтыгы

              a, b = map (int, input().split())           2   3
              c = a + b                                   5
              print (c)

            Эми программа туура иштеп жатат – клавиатурадан киргизилген эки санды
            кошуп жатат. Бирок мунун эки кемчилиги бар:
            1) берилиштерди киргизүүдө колдонуучудан эмне талап кылынып жаткан-
            дыгы билинбейт (канча, кандай сандарды киргизүү керек);
            2) жыйынтыгы эч нерсени билдирбеген сан түрүндө чыгат.
              a, b = map (int, input().split())
              c = a + b
            Ошондуктан программа менен колдонуучунун ортосунда диалогду түзүү
              print (c)
            үчүн программаны мындайча өзгөртсө болот:
                 Python тилиндеги программа               Экранга чыккан жыйынтыгы


              print ('Эки бүтүн сан киргизиңиз:')         Эки бүтүн сан киргизиңиз:
              a,b = map(int, input().split())             2   3
              c = a + b                                   2 + 3 = 5
              print (a,'+',b,'=',c,sep='')
            Колдонуу үчүн маалыматты өзүңүз каалагандай жазсаңыз болот.
            Жыйынтыгын чыгарууда үч өзгөрмөнүн маанисин жана print операто-
            рунда бөлүнгөн эки символду «+» жана «=» чыгаруу керек.

                                    print (a, '+', b, '=', c)
            print операторундагы ашыкча боштуктарды өчүрүү үчүн бөлгүч (же сепа-
            ратор, англ. separator) – sep колдонулат.

                             print (a, '+', b, '=', c, sep = '')
            Бул жерде биз бош бөлгүчтү (бош сап) орноттук. Бөлгүч катары каалагандай
            белгини көрсөтсө болот. Мисалы, эгерде командада sep = ‘*’деп көрсөтсөк
                               print (1, 2, 3, 4, sep = '*')
            анда экранда төмөнкү жыйынтык чыгат:  1*2*3*4*




                  КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:

               Убакыт интервалы саат, минута жана секунда менен берилген. Ошол
               эле интервалды секундада гана көрсөтө турган программаны түзгүлө.






                                                                       www.trk.kg
   4   5   6   7   8   9   10   11   12   13   14