Page 16 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 16

16              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                           WHILE ЖАНА FOR ЦИКЛДЕРИ




                if v >= 20 and v <= 70:                       ЭСИҢЕ ТУТ
                    print ('туура келет')
                else:                                   =    өзгөрмө үчүн маанини ый-
                    print ('туура келбейт')             гарат (эгер a = b болсо, анда a b
            Python тилинде кош барабарсыздык-           болуп калат);
            тарга уруксат берилет, мисалы:              ==   эки маанини салыштырат
                                                        (эгер a==b болсо, анда бул са-
                       if A < B < C:
                                                        лыштырууга суроо-талап, жана
            деген төмөндөгү менен бир мааниде:          программа True же False деген
                                                        жыйынтыкты чыгарат).
                   if A < B and B < C:
            3-маселе. Шарттуу операторлорду жана салыштыруу операторлорун кол-
            донуп, файлды сактоо программасын жазгыла.

            ans = input('Сиз файлды сактагыңыз келеби? (ооба/жок)')
            if ans == 'ооба':
                print(‘Сактоо үчүн папканы тандаңыз’)
            if ans == 'жок':
                print('Маалыматтар өчүрүлөт, андан ары колдоно албайсыз')
            else:
                print(‘Ката. Жооптун мындай варианты жок’)
            Чыгуунун жыйынтыгы кандай жооп тандалгандыгына көз каранды болот:


                           1-вариант:                              2-вариант:

                  Сиз файлды сактагыңыз келеби?           Сиз файлды сактагыңыз келеби?
                         (ооба/жок) ооба                         (ооба/жок) жок
                  Сактоо үчүн папканы тандаңыз       Маалыматтар өчүрүлөт, андан ары колдоно
                                                                    албайсыз

                  КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:

                1) Үч сан берилди. Алардын ичинен канча сан бирдей экенин аныктоочу
                программа түзгүлө.
                2) Үч кесиндинин узундуктары берилди. Бул кесиндилер үч бурчтуктун
                жактары боло ала тургандыгын текшерүүчү программаны түзгүлө.
                3) Натуралдык сан берилди. Бул сан жуп экенин, 3кө эселүү экенин
                аныктоочу программаны түзгүлө.
                4) Сом, доллар жана евро валюталарын алмаштыруу боюнча програм-
                ма жазгыла.





                                                                       www.trk.kg
   11   12   13   14   15   16   17   18   19   20   21