Page 20 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 20

20              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                      ТАТААЛ ШАРТТАР: AND, OR, NOT




            5-тема:

               Татаал шарттар: and, or, not


            Программалоодо шартты туура коё билүү өтө маанилүү. Көпчүлүк учурда
            шарттар татаал болушат, б.а. «ЖАНА», «ЖЕ» жана «ЭМЕС» логикалык опера-
            торлору (байламта) менен бириккен бир нече курама шарттардан турушат.
            Python тилинде алар «and», «or», «not» деген англис сөздөрү менен жазылат.
            and логикалык оператору (логикалык көбөйтүү)

            Туюнтмада and байламтасы менен бириккен курама шарттардын баары тең
            True маанисине барабар болсо, анда татаал шарт True маанисин кайта-
            рат. Эгер эки туюнтманын бирөө эле жалган болсо, анда шарт жалган:
                           x = 5
                           if x < 10 and x % 3 == 0:
                                  print('True')
                           else:
                                  print('False')
            Бул жерде жооп False болот, анткени шарттын экинчи бөлүгүнө ылайык
            берилген 5 саны 3кө калдыксыз бөлүнбөйт. Эгерде биз туюнтманы х%3==0
            and x<10 деп жаза турган болсок, ал кайрадан эле False маанисин кайтар-
            мак. Бирок мындагы экинчи салыштыруу x<10 интерпретатор тарабынан
            аткарылмак эмес, аны аткаруунун кажети жок. Анткени биринчи туюнтма
            (х%3==0) жалган болгондуктан and операторунун болушу бардык туюнтма-
            ны жалганга чыгарды.
            or логикалык оператору (логикалык кошуу)

            Эгерде жок дегенде бир туюнтма True маанисине ээ болсо True маанисин
            кайтарат:
                           x = 5
                           if x < 10 or x % 3 == 0:
                                  print('True')
                           else:
                                  print('False')
            Бул жерде жооп True болот, анткени шарттын биринчи бөлүгүнө ылайык
            берилген 5 саны 3кө калдыксыз бөлүнбөсө дагы 10 санынан кичине. Мына
            ушул үчүн эгерде эки туюнтманын бирөөсү эле True маанисин кайтарса,
            анда экинчи туюнтма бааланбайт, анткени or оператору баары бир True
            маанисин кайтарат.





                                                                       www.trk.kg
   15   16   17   18   19   20   21   22   23   24   25