Page 25 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 25

ЦИКЛДИК АЛГОРИТМДЕР                               25



            7-тема:

               Циклдик алгоритмдер


            Каалагандай алгоритмдер 3 конструкциянын жардамы менен жазылаары
            далилденген: цикл, шарттуу операторлор, сызыктуу алгоритмдер менен.

            Силер билгендей, цикл – бул окшош аракеттерди көп жолу аткаруу.
            Буга чейин биз while жана for циклдерин үйрөнүп баштаганбыз. For цикли
            while циклинен кайсы бир командаларды алдын ала белгилүү санда кайта-
            лоо үчүн колдонулгандыгы менен айырмаланат. Ал эми while цикли теске-
            рисинче кайсы бир аракеттерди канча жолу кайталай тургандыгы бизге
            белгилүү болбогон учурларда колдонулат. Ошону менен бирге бизге ошол
            аткарылганга чейинки циклди кайталаш керек болгон шарт белгилүү.

            For циклинин колдонулушун кеңири карап көрөлү. For циклинин Python ти-
            линде жазылышы төмөнкү схема боюнча жүрөт:



                                    Өзгөрмө                         Диапазон

                              Аракет          for i in range (5):
                                                  print (i)


            Цикл башталганда диапазондун биринчи элементинин мааниси белгилен-
            ген аракет аткарыла турган өзгөрмөгө ыйгарылат. Циклдин экинчи өтүшүн-
            дө өзгөрмөгө диапазондун экинчи элементинин мааниси ыйгарылат. Жана
            ушул сыяктуу диапазондогу бардык элементтер менен берилген аракеттер
            жүргүзүлүп бүтмөйүнчө кайталана берет. Келгиле мисал карайлы: letter өз-
            гөрмөсүнө ар бир жолу Python сабынын жаңы элементи ыйгарылып турсун.
            Print командасы экранга бул саптын ар бир тамгасын бирден чыгарат:

            for letter in 'Python':
                print (letter, 'тамгасы', )
            >>>
            P тамгасы
            y тамгасы
            t тамгасы
            h тамгасы
            o тамгасы
            n тамгасы





                                                                       www.trk.kg
   20   21   22   23   24   25   26   27   28   29   30