Page 29 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 29
ЦИКЛДИК АЛГОРИТМДЕР 29
1ден 25ке чейинки санды тап:
17
Менин саным сеникинен кичине
1ден 25ке чейинки санды тап:
14
Менин саным сеникинен чоң
1ден 25ке чейинки санды тап:
15
Азамат! Сен санды 4 аракеттен кийин таптың!
>>>
Эми программа колдонуучуга санды табуу үчүн жардамдашат. Мисалы,
компьютер 15 санын катса, ал эми колдонуучу 17 санын киргизсе, програм-
ма киргизилген сан катылган сандан чоң экендигин көрсөтөт.
СУРООЛОР ЖАНА ТАПШЫРМАЛАР:
1) Төмөнкү программанын иштөөсүнүн жыйынтыгында алынган у
өзгөрмөсүнүн маанисин жазгыла:
y = 5
for i in range(2,6):
y = y + 4 * i
print (y)
2) Узундугу 20 м тактай берилген. Бул тактайдан узундугу 5 м жана
2 м болгон канча минималдык бүтүн кесиндилерди даярдоого боло
тургандыгын чыгаруучу программаны түзгүлө.
3) Берилген код боюнча алгоритмдин ар бир кадамындагы өзгөр-
мөлөрдүн маанилерин таблицага жазгыла:
k=4 p=1040 m=2 k p m m*m
while p != m*m:
k=k+1
p=p-4
m=m*2
print (k)
4) Майнкрафттын каарманы Алекстин минутасына 4 минерал чы-
гара турган машинасы бар. Ар бир 100 минералга дал ушундай эле
минутасына 4 минерал чыгарган машина курууга болот. Бир саат-
тан кийин Алекстин канча машинасы боло тургандыгын аныктоочу
программаны жазгыла.
www.trk.kg