Page 32 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 32
32 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ КАМТЫЛГАН ШАРТТУУ АМАЛДАР ЖАНА ЦИКЛДЕР
Андан тышкары таблицаны тургузуу үчүн форматталган киргизүүнү колдо-
нуш керек, б.а. мамычалардын туурасын (\t) берүү керек, антпесе сандар
жылышып калат, анткени ар бир саптагы цифралардын саны ар башка.
Биздин код мындай болуп көрүнөт:
for i in range(1,10):#1ден 10го чейинки биринчи көбөйтүүчү
for j in range(1,10):#1ден 10го чейинки экинчи көбөйтүүчү
print(i*j, end='\t')
print()
Жыйынтык: 1 2 3 4 5 6 7 8 9
2 4 6 8 10 12 14 16 18
3 6 9 12 15 18 21 24 27
4 8 12 16 20 24 28 32 36
5 10 15 20 25 30 35 40 45
6 12 18 24 30 36 42 48 54
7 14 21 28 35 42 49 56 63
8 16 24 32 40 48 56 64 72
9 18 27 36 45 54 63 72 81
2-маселе. 2ден 100гө чейинки интервалдагы бардык жөнөкөй сандарды
табуучу программаны түзөлү.
Жөнөкөй сан – бул 1 санына жана өзүнө гана калдыксыз бөлүнгөн сандар.
Мисалы 5 – жөнөкөй сан, анткени ал 1ге жана 5ке гана калдыксыз бөлүнөт,
ал эми 6 – курама сан, анткени 6га жана 1ден тышкары ал 2ге жана 3кө да
калдыксыз бөлүнөт.
• Бир жөнөкөй сан болуп эсептелбейт, ошондуктан биздин мисалда
диапазон 2 цифрасынан башталат.
• Шарт боюнча, эгерде n саны 2ден n ге чейинки диапазондо
бөлүүчүгө ээ эмес болсо, анда ал жөнөкөй. Ал эми бул интервалда жок
дегенде бир бөлүүчү чыгып калса, анда сан курама.
• n санынын кандайдыр бир k санына бөлүнүүчүлүгүн текшерели,
эгер калдык нөлгө барабар болсо, анда n саны k санына бөлүнөт.
• Эгер жок дегенде бир бөлүүчүсү табылса, анда сан курама жана
бул маселеде андан аркы бөлүүчүлөрдү издөөнүн кажети жок. Ал үчүн
n % k==0 болсо, анда break операторунун жардамында циклден тез арада
чыгуу аткарылат.
• flag өзгөрмөсү сандын жок дегенде бир өзгөрмөсү бар же жок эке-
нин көрсөтөт.
www.trk.kg