Page 34 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 34

34              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                                                  ФУНКЦИЯЛАР




            9-тема:

               Функциялар


            Мурда силер интерпретатордун өзүндө орнотулган функцияларды колдо-
            нуп келгенсиңер, мисалы:
            print() – экранга тегерек кашаанын ичиндегилердин бардыгын чыгарат;
            str()      – берилиштерди саптык типке өзгөртүп түзөт;
            int()     – берилиштерди бүтүн санга өзгөртүп түзөт;
            float()   – бүтүн сандарды бөлчөк типке өзгөртүп түзөт;
            round() – санды модулу боюнча чоң жагына тегеректейт.

            Булардан башка биз тигил же бул маселелерди аткартуу үчүн өзүбүздүн
            функцияларды түзүп алсак болот. Бул үчүн Python тилинде эгер кайсы бир
            алгоритм (же фрагменти) кайталанып жатса, аны функция катары формага
            келтирсе боло турган мүмкүнчүлүгү каралган.

            Ал үчүн жаңы функцияга ат берип жана анын алгоритмин баяндоо ке-
            рек. Мындан кийин программада функциянын атын жазганда эле өзүнүн
            кирген жана чыккан берилиштери менен тиешелүү алгоритм ишке кирет.
            Функцияны аткаргандан кийин программанын иши функцияны чакырган
            командадан кийин кайра улана берет.
            Мисалга, программанын бир нече жеринде экранга «Программада ката»
            деген билдирүүнү чыгарыш керек болуп жатат. Аны мындайча жасасак
            болот:

                                   print ('Программада ката')
            Бул чыгаруу операторун керек болгон жердин бардыгында коё берсек,
            анда бул эсти толтуруп жибериши мүмкүн. Эгерде билдирүүнүн текстин
            өзгөртүш керек болуп калса, анда бул чыгаруу операторлорун бүткүл про-
            грамманын ичинен издеш керек болот. Мына так ушундай учурлар үчүн ко-
            шумча алгоритм – функциялар колдонулат. Аларга программанын каалаган
            жеринен кайрыла берсе болот. error функциясын жазалы:

                    def error():
                           print ('Программада ката')
                    n = int (input())
                    if n < 0:
                           error()
            Биз error деген жаңы функцияны киргиздик.





                                                                       www.trk.kg
   29   30   31   32   33   34   35   36   37   38   39