Page 39 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 39

ФУНКЦИЯЛАР                      39



            Функциянын жыйынтыгын эки ар түрдүү өзгөрмөлөргө жазса болот:

                                  a, b = divmod ( 7, 3 )
                                  print ( a, b ) #2 1
            Эгерде бир эле өзгөрмөнү көрсөтсөк, биз кортежди алабыз – тегерек
            кашаага алынган элементтердин катары:

                                  q     =     divmod ( 7, 3 )
                                  print ( q ) #(2, 1)
            Кээде программада бир эле жолу колдонулуп жана бир нече аргумен-
            ти менен анча татаал эмес аракеттерди аткарган функцияны түзүү үчүн
            lambda-функцияларды колдонушат. lambda-функция бул анонимдик
            функция, б.а. def сыяктуу өзүнүн атына ээ эмес. Функциянын жазылышы
            lambda сөзүнөн башталат жана бош орундан кийин функциянын аргумент-
            тери көрсөтүлөт. Андан соң кош чекиттен кийин жыйынтыгы функцияда
            кайтарылган амалдар көрсөтүлөт. Мындай функцияны эки санды көбөйтүү
            мисалында карайлы:

            multiple = lambda x, y: x * y #2 аргументи менен lambda-функция
            print (multiple (2, 5)) #жыйынтык 10
            Жогорку мисалда биз lambda-функцияны multiple өзгөрмөсүнө ыйгардык.
            Бирок мындай функцияны бир сап менен эле өзгөрмөнү колдонбостон да
            жазсак болот:

            print ((lambda x, y: x * y)(2, 6))
            Программалоодогу негизги көндүмдүрдүн бири – бул бир эле кодду бир
            нече жолу жазбоо болуп саналат. Качан код кайталана баштаса, бул кайта-
            ланган коддун бөлүгүн функцияга айлантуу керектигин түшүнүш керек.



                  КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:

                1) 3 берилген санды өсүү тартибинде экранга чыгаруучу функцияны
                жазгыла.
                2) Эки натуралдык сандын эң чоң жалпы бөлүүчүсүн табуучу фукцияны
                жазгыла.
                3) Сандардын төмөнкүдөй белгилерин чыгаруучу функцияны жазгыла:
                кайтарылган жыйынтыгы менен аргументи бүтүн сан болуш керек, 0
                – эгерде аргумент 0 болсо, ­1 эгер сан терс болсо, 1 – эгер сан оң болсо.






                                                                       www.trk.kg
   34   35   36   37   38   39   40   41   42   43   44