Page 43 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 43
МАССИВДЕР 43
Элементтерди иргөө
Тизменин элементтерин иргөө, биз тизменин бардык элементтерин циклде
карап жана керек болсо анын ар бири менен кандайдыр бир аракеттер-
ди жасайбыз дегенди түшүндүрөт. Циклдин өзгөрмөсү 0дөн n—1ге чейин
өзгөрөт, мында n – тизменин элементтеринин саны:
for i in range(0,n):
a[i] + = 1
Бул мисалда а тизмесинин бардык элементтери 1ге көбөйөт.
Эгерде тизмени өзгөртүүнүн кереги жок болсо, анда анын элементтерин
иргөө үчүн мындай циклди колдонуу ыңгайлуу:
а = [1,2,3,4,5]
for x in а:
print(х)
Мында print(х)тин ордуна «х» өзгөрмөсүнө жазылган элементи менен
иштеген каалагандай башка операторлорду колдонсо болот. Көңүл бурсаңар,
циклдин тулкусундагы «х» өзгөрмөсүнүн өзгөрүшү катаны берет.
Көптөгөн маселелерде берилген шартты канааттандырган тизмедеги бардык
элементтерди табуу жана аларды иштетүү талап кылынат. Мындай маселе-
лердин эң жөнөкөйү – керектүү элементтерди эсептөө болуп саналат. Бул
маселени чечүү үчүн баштапкы мааниси нөл болгон өзгөрмө-эсептегичти
киргизүү керек. Андан соң циклде тизменин бардык элементтерин карайбыз.
Эгерде каралып жаткан элементте берилген шарт аткарылса, анда эсепте-
гичти бирге көбөйтөбүз.
а массивинде класстагы балдардын бою жөнүндө маалымат жазылган дей-
ли. Бойлору 120 см ден чоң бирок 150 см ден кичине болгондордун санын
аныктайлы. Төмөнкү программада count өзгөрмө-эсептегичи колдонулду:
count = 0
for x in a:
if (120 < x < 150):
count + = 1
Эми маселе кичине татаалдансын: балдардын орточо боюн табуу керек. Ал
үчүн кошумча өзүнчө бир өзгөрмөдө бардык керектүү маанилерди кошуу,
ал эми циклдин аягында бул сумманы бардык маанилердин санына бөлүү
керек. Сумма жыйналган sum өзгөрмөсүнүн баштапкы мааниси да нөлгө
барабар болуш керек:
www.trk.kg