Page 45 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 45

САПТАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР                                             45



            11-тема:

               Саптар жана алар менен болгон амалдар


            Адегенде компьютерлер эсептөөчү машиналар катары колдонулган, азыр
            болсо алардын негизги кызматы тексттик маалыматтарды иштетүү болуп
            бара жатат. Python тилинде текст менен иштөөчү негизги тип – бул саптар
            (str тиби) англ. string.
            Сап – бул бир же кош тырмакчанын ичине алынган символдордун удаа-

            лаштыгы: 'Бул сап' = "Бул сап"
            Тизмелерден (массивдерден) айырмаланып, саптар берилиштердин струк-
            турасына кирбейт. Ошону менен бирге саптарды иреттелген элементтер-
            дин удаалаштыгы катары карап, алар менен тизменин элменттериндей эле
            иштесе болот.

            >>> s = 'Бул сап'
            >>> s[0] #көрсөтүлгөн  индекси менен элементтерди кайтарат
            'Б'
            >>> s[5:] #5-индекстен акыркысына чейинки элементтер
            'ап'
            Бирок Python тилинде саптар өзгөртүлбөйт. Башкача айтканда берилген
            саптын кайсы бир бөлүнгөн элементин башкасына алмаштырууга болбойт.
            Мындай учурда программа ката деп чыгарат. А бирок берилген саптын
            символдорунан керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип жаңы сапты түзсө болот.

            Сапты клавиатурадан киргизип, андагы бардык «а» тамгаларын «б» тамга-
            ларына алмаштырып, экранга чыгаруунун толук программасын көрөлү:

            s = input('Сапты киргизиңиз: ')
            s1 = ''
            for c in s:  #s сабындагы бардык символдорду иргеп чыгат
                if c == 'а': #өзгөрмөнүн мааниси «а» га дал келсе
                    c = 'б' #анда аны «б» тамгасына алмаштырабыз
                s1 = s1 + c
            print (s1)
            Бирок бул ыкма өтө жай иштейт. Символдорду алмаштырыш керек болгон
            практикалык маселеде эң жакшысы даяр replace методун колдонуу керек.










                                                                       www.trk.kg
   40   41   42   43   44   45   46   47   48   49   50