Page 48 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 48

1
        48    2         PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                САПТАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР


              3
            s1 = s.find ('ү', 0, 9) #2, башынан 9-индекске чейинки бөлү-
              4
            гүндөгү биринчи «ү» нүн индекси
              5
                    replace методу бир сапчаны башкасына алмаштырат. Бул учурда
            баштапкы сап өзгөрбөйт, болгону жаңы сапка модификацияланат (өзгөртүп
            түзүлөт). Ал болсо жаңы s1 өзгөрмөсүнө ыйгарылат:

            s = 'Дүйшөмбү Шейшемби Шаршемби Бейшемби Жума'
            s1 = s.replace ('б', 'В') #ДүйшөмВү–ШейшемВи–ШаршемВи–Бей-
            шемВи–Жума
            Кээде бизге сапты бөлүш керек болот. Бөлүнгөн бөлүгү жаңы саптан
            башталгыдай кылып, бул учурда биз \n белгисин колдонобуз.

            print ('Дүйшөмбү \n Шейшемби \n Шаршемби \n Бейшемби \n
            Жума') #бардык сөздөр мамыча түрүндө чыгат.
            Эгерде жаңы сапты жылдыруу менен чыгаруу керек болсо, анда \t белги-
            син колдонобуз.

            print ('Дүйшөмбү \n\t Шейшемби \n\t Шаршемби \n\t Бейшемби
            \n\t Жума') #бардык сөздөр мамыча түрүндө чыгат, ар бир кийин-
            ки саптын алдына орун ташталат.
            Жогорудагы үйрөнгөн командаларды колдонуп, сапты иштетүүнүн миса-
            лын карап көрөлү.
            1-маселе. Клавиатурадан атын, фамилиясын жана атасынын атын камты-
            ган сап киргизилет, мисалы:

                                    Айтматов Чыңгыз Төрөкулович
            Ар бир эки сөз бири-биринен бош орундар менен ажыратылган, саптын
            башында бош орун жок. Бул сапты иштетүүнүн натыйжасында фамилия
            жана инициалдарын эле камтыган жаңы сап пайда болуш керек:
                                             Айтматов Ч. Т.

            Чыгаруу:
              1
                    Сапты клавиатурадан киргизебиз:
              1
              2
            s = input('Фамилия, атыңыз жана атаңыздын атын киргизиңиз: ')
              2
                    Киргизилген сапты бош орун менен ажыратылган өзүнчө сөздөргө
              3
            бөлүп чыгабыз. Ал үчүн split методун колдонобуз. Бул массивде үч элемент
              3
            болот: fio[0] – фамилиясы, fio[1] – аты, fio[2] – атасынын аты:
              4
              4
            fio = s.split()
              5
              5

                                                                       www.trk.kg
   43   44   45   46   47   48   49   50   51   52   53