Page 53 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 53

PYTHON ТИЛИНДЕ ГРАФИКА МЕНЕН ИШТӨӨ                                           53



            13-тема:

               Python тилинде графика менен иштөө


            Turtle модулунун жардамында сүрөт тартуу
            Python программалоо чөйрөсүндө жөнөкөй сүрөт тартуу үчүн Turtle (ташба-
            ка) модулу колдонулат. Ал төмөнкү команда менен кошулат:

            from turtle import* #ташбака менен иштөөчү командаларды жүктөйт
            reset () #позицияны нөлгө айлантат жана калемди күйгүзөт
            Программаны ишке киргизүү менен силер борборунда калем (ташбака)
            жайгашкан графика үчүн терезени көрө аласыңар. Мисалы, forward ко-
            мандасы ташбаканы алдыга жылдырат. Кашаанын ичинде пиксель менен
            кадамдардын саны көрсөтүлөт. right жана left бурулуу командалары
            үчүн кашаанын ичинде бурууга керек болгон градустардын саны көр-
            сөтүлөт. Эми квадратты тартып көрөлү:

            from turtle import*
            reset ()
            forward (100) #алдыга карай 100 пик-
            селге кыймылда
            right (90)  #90˚ка оңго бурул
            forward (100)
            right (90)
            forward (100)
            right (90)
            forward (100)
            Кодду кыскартуу үчүн for циклин жана фигу-
            рага дагы кошумча параметрлерди берели:

            from turtle import*
            width (5)     #сызыктын жоондугу - 5 пиксель
            color('blue','green') #1-түс – сызыктын, 2-түс – боёктун түсү
            begin_fill() #аймакты толтуруу үчүн ташбакага байкоо жүргүзүү
            for i in range (4):
                forward (100)
                right (90)
            end_fill() #begin_fill()ден баштап, аймакты түс менен толтуруу
            >>>







                                                                       www.trk.kg
   48   49   50   51   52   53   54   55   56   57   58