Page 56 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 56
56 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ PYTHON ТИЛИНДЕ ГРАФИКА МЕНЕН ИШТӨӨ
from tkinter import*
def btn_act(): #консолдо жыйынтык чыгара турган функция
print('Оюн башталды!')
tk = Tk()
btn = Button (tk, text='Пуск', command=btn_act) #баскычка
басканда функциядагы билдирүү чыгарылат
btn.pack()
Эми баскычка баскан сайын консолдо ушул маалымат чыгып турат:
>>> «Оюн башталды!»
Башка виджет – Canvas (англ. холст) берилген аянтта сүрөт тартууга мүм-
күндүк берет. Сүрөт тартуу холсттун өлчөмдөрүн: 0,0
холсттун туурасын (width) жана бийиктигин (height)
берүү менен башталат.
Холсттогу сүрөттүн баштапкы чекитин белгилөө үчүн
Х, У координаталары колдонулат. Координаттар го-
ризонталь боюнча (Х) сол четинен, ал эми вертикаль
боюнча (У) жогорку четинен канча пикселге жылыш-
кандыгын аныктайт. 300,300
Сызыкты түзүү үчүн create_line() методу колдонулат, кашаанын ичинде
4 сан көрсөтүлөт. Биринчи экөө сызыктын башталыш координаталары,
кийинки экөө – акыркы координаталары болот. Төмөнкү программаны
жазалы:
from tkinter import *
tk = Tk()
canvas = Canvas(tk, width=300, height=300)
canvas.pack()
canvas.create_line(0, 0, 300, 300)
Айлана сызуу үчүн create_oval() методу колдонулат:
canvas.create_oval(10, 10, 80, 80, outline= 'red', fill=
'green', width=2)
Берилген жазууда биринчи 4 параметри фигураны чектөө координатала-
рын аныктайт. Б.а., бул ичинде айлана сызыла турган квадраттын жогорку
сол бурчтун жана төмөнкү оң жак бурчтарынын х жана у координаталары.
4-маселе. Холстто диаметрлери жана түстөрү кокустук сан менен алынган
тегеректерди сызуучу программаны түзөлү.
www.trk.kg