Page 51 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 51

САПТАРДЫ ФОРМАТТОО                              51



            12-тема:

               Саптарды форматтоо


            Python тилинде саптарды форматтоо шаблондун кайсы бир ордуна башка
            текстти коюу дегенди түшүндүрөт. Ордуна коюу ошол замат жүргүзүлөт.
            Мисалы, форматтоону колдонуу менен даяр шаблон аркылуу мындай чакы-
            руу билеттерин жасоого болот:
                                           Урматтуу Алина!
                               Сизди чакырабыз: Ачык эшиктер күнүнө.
                                       Окуянын датасы: 1-май
                                       Урматтоо менен Тимур.
            Бир жолу ордуна коюу мындай жазылат:

            print ('Урматтуу {}!'.format ('Алина'))
            Башкача айтканда, шаблондун текстинен кийин бош фигуралуу кашаалар
            коюлат, андан кийин .format () команданын кашаасынын ичине коюу керек
            болгон маанилери көрсөтүлөт. Программа ишке киргенде, ордуна коюлуучу
            текст фигуралуу кашаалардын ордуна коюлат.
            Бир нече коюулар болсо, фигуралуу кашаага сөздөрдүн индекстери, ал
            эми сөздөрдүн өзү .formatтан кийин кортежде коюлат. Ал шаблон мындай
            жазылат:

            print ('Урматтуу {0}! \n Сизди чакырабыз: {1}.\n Окуянын
            датасы: {2} \n Урматтоо менен {3}.'.format ('Алина', 'Ачык
            эшиктер күнүнө', '1-май', 'Тимур'))
            Текстти .formatты колдонбостон башка ыкма менен да форматтаса болот. Бул
            ыкма бир аз туура эмес жана эскирип калган деп эсептелет. Бирок, эгер силер
            коддон % белгисин кезиктирсеңер, анда бул жерде форматтоо колдонулду
            деп эсептесеңер болот. Биздин чакыруу шаблонубузду % операторунун жар-
            дамында жазып көрөлү:

            print ('Урматтуу %s! \n Сизди чакырабыз:%s.\n Окуянын дата-
            сы: %d %s \n Урматтоо менен %s.' % ('Алина', 'Ачык эшиктер
            күнүнө', '1-май', 'Тимур'))
            >>>
            Урматтуу Алина!
            Сизди чакырабыз: Ачык эшиктер күнүнө.
            Окуянын датасы: 1-май
            Урматтоо менен Тимур.




                                                                       www.trk.kg
   46   47   48   49   50   51   52   53   54   55   56