Page 50 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 50
50 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ САПТАРДЫ ФОРМАТТОО
Ал эми башка символдор (цифралар, латын тамгалары) менен кандай
болот? Коддук таблицада цифралар ирети менен жайгашкан жана латын
тамгаларынан мурун турушат; латын тамгалары – орус тамгаларынан му-
рун, орус жана латын тамгаларынын баш тамгалары тиешелүү тилдердин
кичине тамгаларынан мурун турат. Ошондуктан
«5STEAM» < «STEAM» < «Steam» < «steam» < «ПАР» < «Пар» < «пар»
Мисалы, сөздүн ичиндеги тамгаларды сорттоо үчүн, программаны мындай
жазуу керек:
s = 'Дүйшөмбү'
s1 = ''.join (sorted (s))
print (s1)
>>> Дбймшүүө
1-маселе. Клавиатурадан бир нече сөздөрдү (мисалы фамилияларды) кир-
гизүү жана аларды экранга алфавиттик тартипте чыгаруу керек.
Бул маселени чыгаруу үчүн, үтүр менен ажыратылып киргизилген фами-
лияларды тизмеге кайра жазып алуу ыңгайлуу, андан соң sorted методу
менен сорттоп коюу керек:
s = input('Фамилияңызды киргизиңиз: ') #Абакиров Муканова
Бебинов Семенова Запруда
s1 = s.split() #сапчалар менен тизме түзөт ['Абакиров', 'Му-
канова', 'Бебинов', 'Семенова', 'Запруда']
s2 = ' '.join (sorted (s1))
print (s2)
>>> Абакиров Бебинов Запруда Муканова Семенова
СУРООЛОР ЖАНА ТАПШЫРМАЛАР:
1) Клавиатурадан бир нече сөз киргизүүнү жана ошол сөздөрдүн
ичинен эң кыска сөздүн узундугун аныктоочу программа түзгүлө.
2) isdigit() саптык методу сап жалаң гана цифралардан тураарын
текшерип берет. Киргизүүдө программа эки бүтүн санды сураган
жана алардын суммасын чыгарып берүүчү программаны түзгүлө.
Туура эмес киргизүү учурунда программа ката деп токтоп кал-
бастан, кайрадан эле сандарды сурап тургандай кылыш керек.
www.trk.kg