Page 47 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 47
САПТАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР 47
Саптар методу
Python тилинде саптар менен иштөө үчүн көптөгөн камтылган методдор
бар. Алардын ичинен кызыктууларын карап көрөлү.
1
upper жана lower методдору сапты тиешелүү түрдө жогорку жана
төмөнкү регистрлерге өткөрөт. title методу болсо биринчи эле тамгаларды
2
жогорку регистрге, калганын төмөнкү регистрге өткөрөт:
3 s = 'aAbB cC'
s1 = s.upper() #'AABB CC'
4 s2 = s.lower() #'aabb cc'
1
s2 = s.title() #'Aabb Cc'
5
2
split методу сапты бош орундар боюнча бөлүүгө мүмкүндүк берет.
Жыйынтыгында сөздөрдөн тизме алынат. Эгерде колдонуучу программада
3
ар бири өзүнчө тизмедегидей иштетилсин деп, бир сапта катар сөздөрдү
же сандарды киргизүү керек болсо, анда split методун колдонсо болот:
4
1
s = 'Дүйшөмбү Шейшемби Шаршемби Бейшемби Жума'
5
s1 = s.split () #['Дүйшөмбү','Шейшемби','Шаршемби','Бейшем-
2
би','Жума']
1
3
join методу тескерисинче тизмеден сапты курайт. Ал үчүн алдына
сап-бөлгүч коюлат, ал эми кашаанын ичинде тизме берилет:
2
4
s = ['Дүйшөмбү', 'Шейшемби', 'Шаршемби', 'Бейшемби','Жума']
3
5
s1 = '-'.join (s) #Дүйшөмбү–Шейшемби–Шаршемби–Бейшемби–Жума
find методу саптын бөлүгү (сапча) менен иштейт. Ал саптагы сапчаны
4
издейт жана табылган сапчанын биринчи элементинин индексин кайтарат.
5
Эгерде сапча табылбаса анда 1ди кайтарат.
s = 'Дүйшөмбү Шейшемби Шаршемби Бейшемби Жума'
s1 = s.find ('Шаршемби') #жообу: 18, сапчанын 1-элементи -
«Ш» тамгасынын индекси
Мындан тышкары бул метод менен берилген үзүмдөгү саптын элементи-
нин индексин табууга болот. Үзүмдү көрсөтүү үчүн, анын башталышын жана
аягын үтүр менен ажыратылган цифралар менен берүү керек. Эгерде экин-
чи цифра көрсөтүлбөсө, анда издөө саптын аягына чейин жүргүзүлөт:
s2 = s.find ('ү', 4) #8, 4-индекстен аягына чейинки бөлүгүн-
дөгү биринчи «ү» нүн индекси.
www.trk.kg