Page 42 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 42

42              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                                                    МАССИВДЕР




            Мындан ары бардык мисалдарда биз n элементтен (бүтүн сандардан) тур-
            ган a тизмеси массив турүндө түзүлдү деп эсептейбиз. i өзгөрмөсү тизме-
            нин элементинин индексин түшүндүрөт.

            Циклди пайдалануу менен 3 элементтен турган тизмени түзүү үчүн
            төмөнкү программаны жазабыз:

                 Python тилиндеги программа               Экранга чыккан жыйынтыгы

             n = 3
             a = [0]*3
                                                                  a[0] = 1
             for i in range(n):
                                                                  a[1] = 2
               print('a[', i, ']=', sep='', end="")
               a[i] = int(input())                                a[2] = 3



            n элементинен турган массив түзүп, анын маанилерин киргизүүнү тизме
            генераторунун жардамында жүргүзсө да болот.

                            a = [int(input()) for i in range(n)]
            Бул жерде колдонуучу int функциясынын жардамында бүтүн санга өз-
            гөртүлүп түзүлгөн n сандагы элементтерди киргизиш керек жана бул сан
            массивге кошулат.

            Киргизүүнүн дагы бир варианты бар, мында бардык массив бир эле сапта
            киргизилген. Бул учурда input функциясынан алынган сапты split ыкма-
            сынын жардамы менен бөлүктөргө ажыратуу керек:

                                         data = input()
                                         s = data.split()
                                         print (s)
            Тизмени чыгаруу үчүн print функциясын колдонобуз. Тизменин ар бир
            элементин чыгаруу үчүн анын индексин чарчы кашаада жана бирден эле-
            ментти сапта көрсөтүү менен төмөнкү программаны пайдаланабыз:


                 Python тилиндеги программа               Экранга чыккан жыйынтыгы


                                                                  a[0] = 1
             a = [1, 2, 3, 4, 5];
                                                                  a[1] = 2
             for i in range(0, len(a)):
               print('a[', i, ']=', a[i], sep='')                 a[2] = 3
                                                                  a[3] = 4
                                                                  a[4] = 5





                                                                       www.trk.kg
   37   38   39   40   41   42   43   44   45   46   47