Page 41 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 41

МАССИВДЕР                     41



            Силер билгендей for i in range(10) цикли 0дөн 9га чейинки i нин
            бардык маанилерин коюп чыгат. for сөзүнүн алдындагы туюнтма (биздин
            учурда – i) – бул ар бир i үчүн тизменин улам кийинки элементине жа-
            зыла турган өзгөрмө. Берилген мисалда тизме i өзгөрмөсү удаалаш алып
            жаткан маанилер менен толтурулат:
                                  [0, 1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9]

            Ушуну эле, range функциясынын жардамы менен алынган берилиштер
            менен тизме түзүү үчүн list функциясын колдонуп алсак болот:
                                  а = list (range(10))

            Тизмени бул сандардын квадраттары менен толтуруу үчүн мындай генера-
            торду колдонсо болот:

              а = [i*i for i in range(10)] #[0,1,4,9,16,25,36,49,64,81]
            Генератордун жазуусунун аягында тандап алуу шартын кошуп койсо болот.
            Бул учурда тизмеге ушул шартты канааттандырган циклде тандалып алын-
            ган элементтер гана камтылат.

            Мисалы, төмөнкү генератор 0дөн 9га чейинки диапазондогу бардык жуп
            сандардын тизмесин түзөт:

                   а = [i for i in range(10) if i%2 ==0] #[0,2,4,6,8]
            Көпчүлүк учурда тесттик жана окуу программаларында массивди кокустук
            сандар менен толтурушат. Муну генератордун жардамында кылса болот:

                           from random import randint
                           а = [randint(20,100) for x in range(10)]
            Мында 10 элементтен турган массив түзүлөт жана [20, 100] диапазонунда-
            гы кокустук сандар менен толтурулат. Ал үчүн random модулунан импорт-
            толгон randint функциясы колдонулат.
            Тизменин узундугу (андагы элементтердин саны) len функциясы менен
            аныкталат. Мисалга:

                                  a = [1, 3, 4, 23, 5]
                                  n = len(a) #5













                                                                       www.trk.kg
   36   37   38   39   40   41   42   43   44   45   46