Page 44 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 44
44 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ САПТАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР
count = 0
sum = 0
for x in a:
if 120 < x < 150:
count + = 1
sum + = x
print (sum / count)
Тизменин элементтерин суммалоо – бул көп таралган амал, ошондуктан
Python тилинде элементтерди суммалоо үчүн атайын sum деген орнотул-
ган функция бар:
a = [1,2,3,4,5]
print (sum(a))
Анын жардамында мурунку маселени бир аз тыканыраак чечсек болот:
биринчиден кошумча массивге бардык керектүү элементтерди бөлүп алуу,
андан кийин алардын суммасын жалпы санына (тизменин узундугуна)
бөлүп коюу керек.
Жаңы тизмени түзүү үчүн шарттуу операторду колдонобуз:
b = [x for x in a if 120 < x < 150]
print (sum(a)/len(a))
Тандоо шарты а тизмесинен b тизмесине шартты канааттандырган гана
элементтерди берди. Ал эми класстагы балдардын бойлорунун орточосун
чыгаруу үчүн жаңы тизменин элементтеринин суммасын алардын санына
бөлүп коюу жетиштүү.
КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:
1) Тизмеде окуучулардын баалары сакталган. Клавиатурадан
киргизген бааларга барабар болгон тизменин элементтеринин
номерлерин чыгаруучу программаны түзгүлө.
2) Дене тарбия сабагында окуучулардын бойлорун тизмеге жа-
зышты. Бул тизмеден эң бийик жана эң жапыз бойлуу окуучуну
табуучу программа түзгүлө.
www.trk.kg