Page 40 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 40
40 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ МАССИВДЕР
10-тема:
Массивдер
Азыркы компьютерлердин эң негизги кызматы – бул көп көлөмдөгү маа-
лыматты иштетүү. Ошону менен бирге маалымат сакталган миңдеген (же
миллиондогон) уячанын ар бирине кайрылып туруш керек. Мындай учур-
ларда ат бир уячага эмес, ар бир уяча өзүнүн номерине ээ болгон уячалар-
ын тобуна берилет. Эстин мындай аймагы массив деп аталат.
Массив – бул жалпы атка ээ болгон эсте жакын жайгашышкан (кошуна уя-
чаларда) өзгөрмөлөрдүн тобу. Массивдеги ар бир уяча уникалдуу номерге
(индекске) ээ.
Python тилинде бир өлчөмдүү массивдер элементтердин тизмеси түрүндө
болот. Ошондуктан массивдер менен иштөө үчүн тизмелерди колдонушат
(берилиштер тиби list). Python тилинде тизме – бул ар бири өзүнүн номе-
рине (индекс) ээ болгон элементтердин жыйындысы. Номерлөө ар дайым
нөлдөн башталат, катары боюнча экинчи элемент 1 номерине ээ ж.б.
Тизмени түрдүү жолдор менен түзсө болот. Анын эң жөнөкөй ыкмасы —
элементтердин тизмесин үтүр менен ажыратып, чарчы кашаанын ичинде
жазуу:
а = [1, 3, 4, 23, 5]
Тизме – бул динамикалык структура, анын өлчөмүн программанын иштөө
убагында өзгөртсө (элементтерди өчүрсө же кошсо) болот.
Тизмелерди «+» белгисинин жардамында «кошсо» болот. Ошентип жогорку
мисалды мындай жазса да болот:
а = [1, 3] + [4, 23] + [5]
Бирдей тизмелерди кошуу көбөйтүү менен алмаштырылат «*». Нөлдөр ме-
нен толтурулган 10 элементтен турган тизме мындай түзүлөт:
а = [0]*10
Мындан татаал учурларда тизмелердин генераторлору колдонулат. Анда
жаңы түзүлгөн тизменин элементтери циклди колдонуу менен толтурулат:
a = [i for i in range(10)]
www.trk.kg