Page 35 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 35

ФУНКЦИЯЛАР                      35



            Фукциянын аты def (англ. define — аныктоо) ачкыч сөзү менен башталат,
            андан кийин гана функциянын уникалдуу аталышы берилет (мисалы: def
            sum). Аталышынан кийин функциянын параметрлери киргизилген кашаа-
            лар жана кош чекит коюлат. Функциянын тулкусу жылдыруу менен жазылат.
            Функцияны программанын башка жеринде иштетиш үчүн, анын аталышы
            менен (кашааларын кошуп) чакырыш керек. Мисалы: error().
            Эгерде кандайдыр бир аракеттер программанын ар кайсы жерлеринде
            бир нече жолу кайталанса, анда функцияны колдонуу кодду бир топ кыс-
            картууга мүмкүндүк берет. Кээде өтө чоң программаларды жөнөкөйлөтүп
            жана ыңгайлуу кылуу үчүн бир нече функцияларга бөлүп алышат. Анын
            татаал алгоритмдеринин өзүнчө этаптарын функция түрүндө көрсөтөт.
            Мындай ыкма бардык программаны түшүнүктүү кылат.

            Функция жана алардын аргументтери
            Функцияларга аргументтерди–аткарылуучу аракеттерди өзгөртүү үчүн
            кошумча берилиштерди берсе болот.

             Мисалы таблица же бөлүүчү сызыкты тартуу үчүн экранга бир символду
            көп жолу чыгарыш керек дейли. n өзгөрмөсү үчүн бул маселени чечүүчү
            программаны мындай жазсак болот:

                    n = 125 #ушунча жолу                         ЭСИҢЕ ТУТ
                    s = '_' #символ
                    while n > 0:                          Функциянын аты кичинекей
                           print (s, end = '')            латын тамгаларынан туруш ке-
                                                          рек, ал эми сөздөр бири-бири-
                           n -= 1;
                                                          нен төмөнкү сызык символу
            Аяктоочу символ (адатта “жаңы сап”            менен ажыратылышы керек.
            символу) – end аталыштагы аргументи           Бул кодду окуу үчүн ыңгайлуу
            менен print функциясынын чакы-                кылат (snake case).
            рылышына көңүл буралы.
            Кайталануучу символдун чыгаруу циклинин кошумча алгоритмин функция
            түрүндө жазсак болот. Бул функцияга аргументин бериш керек – символ
            жана аны канча жолу кайталаш керектигин көрсөткөн сан. Анда:
                    def print_сhar(s, n): #аргументи менен функциянын аты
                           k = n
                           while k > 0:
                                  print (s, end = '')
                                  k -= 1
                    print_сhar ('-', 10)  #аргументтер




                                                                       www.trk.kg
   30   31   32   33   34   35   36   37   38   39   40