Page 33 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 33
КАМТЫЛГАН ШАРТТУУ АМАЛДАР ЖАНА ЦИКЛДЕР 33
Ошентип программабызды мындай
кылып жазсак болот (мында n, k — бүтүн ЭСИҢЕ ТУТ
сандык өзгөрмөлөр): Цикл n жолу кайталанышы
for n in range(2,101): үчүн диапазондун акыркы
flag = False саны n+1 болуш керек.
for k in range(2,n):
if n % k == 0:
flag = True
break
if not flag:
print (n)
3-маселе. Экранда эки түрдөгү символдордун жардамы менен «тик
бурчтук» тарталы. Тик бурчтуктун четтери «0» символу менен, ал эми анын
ичи «1» символу менен тартылсын.
Мейли тик бурчтуктун узундугу 10 символго жана туурасы 7 символго
барабар болсун. Сырткы цикл саптарды терип жатып, биринчи жана акы-
ркы цифраларга 0дү коюш керек. Эгерде сап биринчи же акыркысы бол-
со (эсептөө 0дөн башталгандыктан 0- жана 6-саптар), 0 башынан аягына
чейин тизилип чыгат. Калган бардык башка учурларда 1 цифрасын коё буз.
Программаны жазалы:
for i in range(7): #сапты 7 жолу чыгарабыз
if i==0 or i==6: #эгерде сап 1-чи же акыркы болсо
for j in range(20): #бардык 20 жолу
print('0',end='') #0дү чыгарабыз
else: #антпесе
print('0',end='') #0дү чыгарабыз
for j in range(1,19): #1 жана 19-дан башкасына
print('l',end='') #1 цифрасы менен чыгарабыз
print('0',end='')
print()
СУРООЛОР ЖАНА ТАПШЫРМАЛАР:
1) Айдын номерин алып, ошого тиешелүү жыл мезгилин чыгаруучу
же ката жөнүндө маалымат берүүчү программаны жазгыла.
2) 5 кг, 10 кг жана 15 кг алма бата турган ящиктер берилди.
100 кг алманы бөлүштүрүү үчүн канча ар кандай өлчөмдөгү ящик
керек боло тургандыгын аныктоочу программаны түзүү керек.
www.trk.kg