Page 31 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 31

КАМТЫЛГАН ШАРТТУУ АМАЛДАР ЖАНА ЦИКЛДЕР                                                 31



                           print('Биринчи чейрек')
                     elif x > 0 and y < 0:
                           print('Төртүнчү чейрек')
                     elif y > 0:
                           print('Экинчи чейрек')
                     else:
                           print('Үчүнчү чейрек')
            Келтирилген программада if, ..., elif шарттары кезеги менен тек-
            шерилет жана биринчи чыныгы шартка дал келген блок аткарылат. Эгерде
            бардык текшерилип жаткан шарттар жалган болсо, анда else блогу аткары-
            лат, эгерде ал бар болсо.

            Камтылган циклдер

            Татаал маселелерде көпчүлүк учурда циклдин ар бир кадамында өзү да
            циклдик алгоритмди түзгөн түрдүү берилиштерди иштетүүнү аткарууга
            туура келет. Бул учурда «циклдин ичиндеги цикл» же «камтылган цикл»
            конструкциясы алынат.

            Цикл камтылган деп аталат, эгер ал башка циклдин ичинде жайгашса.
            Биринчи жүрүштө сырткы цикл ички циклди чакырат. Ал өзүнүн акырына
            чейин аткарылгандан кийин башкаруу кайрадан сырткы циклдин тулкусу-
            на берилет. Экинчи жүрүштө сырткы цикл кайрадан ички циклди чакырат,
            жана ушинтип бул процесс сырткы цикл аяктамайынча кайталана берет.
            1-маселе. Экранга көбөйтүүнүн таблицасын чыгарабыз. Ал үчүн сырткы
            циклде 1ден 9га чейинки сандарды терип чыгуу керек. Ал сандардын ар
            бирине ички циклде 1ден 9га чейинки сандарды терип чыгуу керек.


                                               Бир көк цифрага 9га чейинки цифралардын
            1 2 3 4  5  6  7  8  9
                                               бир катары туура келет. 1 жана 2 көк цифра-
            2 4 6 8 10 12 14 16 18             лар сырткы циклде, ал эми кара цифралар
                                               ички циклде жайгашкан.

            Мындагы ички циклде биринчи катардагы сырткы жана ички циклдердин
            өзгөрмө-эсептегичтерин көбөйтүш керек.

            Ушундай жол менен сырткы циклдин бир аткаруусуна ички циклдин 9 ат-
            каруусу туура келет жана көбөйтүүнүн таблицасынын бир сабы түзүлөт. Ар
            бир саптан кийин жаңысына өтүү керек: бул ички цикл аткарылып бүткөн-
            дөн кийин, сырткы циклде жүргүзүлөт.






                                                                       www.trk.kg
   26   27   28   29   30   31   32   33   34   35   36