Page 26 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 26
26 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ ЦИКЛДИК АЛГОРИТМДЕР
Төмөнкү мисалда ар бир кийинки өтүүдө өзгөрмөнүн мааниси берилген
диапазондогу санга көбөйүп турат:
f = 12
for i in range(1,6):
f = f + i
print (f)
>>>
27
«for i in range(1,6)» цикли беш жолу аткарылат (6 – кирбейт). Циклдин ар
бир кадамында f өзгөрмөсү i санына өсүп турат. Баштапкы мааниси f = 12.
Циклде маанилери өзгөрүп турат:
1-өтүү: f = 12+1=13
2-өтүү: f = 13 +2=15
3-өтүү: f = 15+3=18
4-өтүү: f = 18+4=22
5-өтүү: f = 22+5=27
Кыскача мындай кылып жазсак болот: f = 12+1+2+3+4+5 = 27
Range функциясынын аргументтери төмөнкүдөй берилет:
• range (x) – 0 дөн х ке чейинки маанилерди алат, бирок х – диапа-
зонго кирбейт;
• range (y, x) – у тен х ке чейинки бардык маанилерди алат, мында да
х диапазонго кирбейт;
• range (y, x, s) – у тен х ке чейинки бардык маанилерди s кадамы
менен алат.
Мисалы: for i in range(0,15,3):
print(i)
Берилген мисалда for цикли 0дөн 15ке чейинки маанилерди 3 кадам ме-
нен алат, жыйынтыгында ал ар бир үчүнчү санды чыгарып берет:
>>>
0
3
6
9
12
Андан тышкары кадам үчүн терс сандарды да колдонсо болот, анда цикл
маанилерди тескери багытта тандап ала баштайт:
www.trk.kg