Page 30 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 30

30              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                           КАМТЫЛГАН ШАРТТУУ АМАЛДАР ЖАНА ЦИКЛДЕР




            8-тема:

             Камтылган шарттуу амалдар жана циклдер


            Алгач биз силер менен if жана else операторлору кандай иштей турган-
            дыгын көрдүк эле. Программада алар аткаруунун эки вариантын көрсөтөт.
            Бирок программанын алгоритми экиден көп жолду тандоону сунушташы
            мүмкүн, мисалы үчөөнөн, төртөөнөн же андан көптөн.
            Шарттуу операторлордун ичинде ар кандай операторлор, анын ичинде
            башка шарттуу операторлор да камтылышы мүмкүн. Мисалы бизде мештин
            ичиндеги билдиргичтен алынган температуранын көрсөтмөсү бар дейли.
            Эми ал жогорубу, төмөнбү же нормадабы, аныкташ керек. Нормалдуу деп
            200дөн 250 градус Цельсийге чейинки температура эсептелет. Өзгөрмөдө
            температура сакталат. Бир эле шарттуу оператор жетишсиз, анткени мында
            үч мүмкүн болгон жыйынтык бар. Маселенин чыгарылышын төмөндөгүдөй
            жазса болот:

                   t = int (input ('Температураны киргизгиле'))
                   if t > 250:
                           print ('’Мештеги температура өтө жогору')
                   else:
                           if 200 <= t <= 250:
                                  print ('’Мештеги температура нормада')
                           else:
                                  print ('Мештеги температура нормадан төмөн')

            Барабардыкты текшерген if шарттуу оператору else (антпесе) блогу-
            нун ичинде жайгашкан, ошондуктан ал камтылган шарттуу оператор деп
            аталат. Бул мисалдан көрүнүп тургандай, аны колдонуу бир нече вариант-
            тан бирөөнү тандап алууга мүмкүндүк берет. Эгерде else операторунан
            кийин эле дагы бир if кетсе, elif (else-if тин кыскартылганы) сөзү
            менен «каскаддык» тармакты колдонсо болот. Мисалы: берилген х жана у
            координаталары боюнча координаттык тегиздиктин чейректерин аныктоо
            керек. х жана у өзгөрмөлөрүндө клавиатурадан киргизилген бүтүн сандык
            маанилер сакталат.

            x = int(input())
            y = int(input())
            if x > 0 and y > 0:







                                                                       www.trk.kg
   25   26   27   28   29   30   31   32   33   34   35