Page 24 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 24

24              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                                                 ЦИКЛДИК АЛГОРИТМДЕР




            Сөздүккө аны жаңы ачкыч менен белгилеп маанилерди кошсо болот:

            myschool['7 klass'] = 'Elena, Ainura, Dastan'
            print (myschool)
            Жыйынтык:
            {‘5 klass’: ‘Anara, Kanat, Pavel’, ‘6 klass’: ‘Chyngyz,
            Tina, Emil’, ‘7 klass’:’Elena, Ainura, Dastan’}
            Элементтин маанисин өзгөртүү үчүн, анын ачкычына жаңы маани берип
            коюу керек:

            myschool = {‘5 klass’:’Anara, Kanat, Pavel’, ‘6
            klass’:’Chyngyz, Tina, Emil’}
            myschool['6 klass'] = ‘Matvei, Tina, Salima’
            print (myschool)
            Жыйынтык:

            {‘5 klass’:’Anara, Kanat, Pavel’, ‘6 klass’:’Matvei, Tina, Salima’}
            for циклин колдонуп, экранга сөздүктүн ачкычтарын эле чыгарса болот:

            for i in myschool:
                print(i)
            Жыйынтык:                5 klass
                                  6 klass
            Же болбосо сөздүктүн маанисин гана чыгарса болот:

            for i in myschool:
                print(myschool[i])
            Жыйынтык:                Anara, Kanat, Pavel
                                  Chyngyz, Tina, Emil





                  КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:

                 «Балыктар» сөздүгүн түзгүлө, ал эми анын элементтерин 3 түргө
                 бөлгүлө: «дарыя», «көл» жана «деңиз» балыктары деп. Экранга бирин­
                 чи сөздүктүн ачкычтарын, андан кийин элементтерин чыгаргыла.









                                                                       www.trk.kg
   19   20   21   22   23   24   25   26   27   28   29