Page 23 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 23

ТИЗМЕЛЕР, КОРТЕЖДЕР ЖАНА СӨЗДҮКТӨР                                          23
                   myfamily = ['father', 'mother',
                   'sister', 'brother']
                   for item in myfamily:
            Тизмелер менен ар түрдүү көп амалдарды жасаса болот:
                        print('Hello', item)
                            x элементи А тизмесинде         A = [1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8]
               x in A       бар же жок экенин текшерет.     print (2 in A)
                            True же False маанисин
                            кайтарат.                       Жыйынтык:
                                                            True
                                                            A = [1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8]
               min(A)       А тизмесинен эң кичине          print (min(A))
                            элементти табуу.
                                                            Жыйынтык:
                                                            1

                                                            A = [1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8]
               max(A)       А тизмесинен эң чоң             print (max(A))
                            элементти табуу.
                                                            Жыйынтык:
                                                            8

            Кортеж (tuple) тизме сыяктуу эле элементтердин удаалаштыгынан турат.
            Бирок андагы элементтерди өзгөртүүгө, кошууга же өчүрүүгө болбойт.
            Кортеждерди түзүү үчүн үтүр менен бөлүнгөн анын маанилери жайгашкан
            тегерек кашаалар колдонулат:

                                  user = ('Timur', 23, 1/10/1998)
                                  print(user)
            Кортеждерде объекттердин касиеттерин сактоо ыңгайлуу, мисалы, атын,
            жашын, туулган датасын. Эгерде кортеж болгону бир элементтен турса,
            анда кортеждин жалгыз элементинен кийин үтүр белисин коюу керек:

                                          user = ('Tom',)
            Сөздүктөр (dictionary) – бул ар бир элементи индекстин ордуна уникалдуу
            ачкычка ээ болгон маалыматтардын структурасы. Сөздүктүн элементтерин
            өзгөртө берсе болот. Сөздүктөрдү түзүү үчүн фигуралык кашаалар колдо-
            нулат ({}):

                    dictionary = {ачкыч1:мааниси1, ачкыч2:мааниси2, ...}
            mychool атындагы сөздүктү түзөлү:

            myschool = {‘5 klass’:’Anara, Kanat, Pavel’, ‘6 klass’:
            ‘Chyngyz, Tina, Emil’}
            Бул сөздүктө ачкыч катары класстын аттары, ал эми мааниси катары –
            ошол класстарда окугандардын аттары берилди.









                                                                       www.trk.kg
   18   19   20   21   22   23   24   25   26   27   28