Page 22 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 22

22              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                      ТИЗМЕЛЕР, КОРТЕЖДЕР ЖАНА СӨЗДҮКТӨР




            6-тема:

               Тизмелер, кортеждер жана сөздүктөр


            Көпчүлүк учурда бизге көптөгөн окшош маалыматтарды бир файлда чо-
            гултууга туура келет, мисалы, окуучулардын тизмеси же маалымдамадагы
            телефон номерлер. Python тилинде мындай маалыматтардын топтомун
            тизмелерде, кортеждерде жана сөздүктөрдө уюштурса болот.
            Тизме (list) – бул белгилүү иретте жайгашкан элементтерден турган струк-
            тура. Ар бир элементке ага кайрылууга мүмкүн болгон номер (же индекс)
            туура келет. Тизмени түзүү үчүн квадраттык кашаанын ичине үтүр менен
            ажыратылып, анын бардык элементтери тизмектелет.
            Мисалга өзүбүздүн үй-бүлө мүчөлөрүбүздүн тизмесин түзөлү:

            >>> myfamily = ['father', 'mother', 'sister', 'brother']
            Бул учурда биздин тизме myFamily деген өзгөрмөдө сакталат. Качан тизме
            түзүлгөндөн кийин, бул тизме менен иштей турган программаны жазсак
            болот. Мисалга, циклди колдонуп, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү менен са-
            ламдашуу программасын жазалы:
                      Python тилиндеги программа               Экранга чыккан жыйынтыгы

                  myfamily = ['father', 'mother',                      Hello father
                  'sister', 'brother']                                 Hello mother
                  for item in myfamily:                                Hello sister
                       print('Hello', item)                            Hello brother
            Тизме ар кандай типтеги объекттерди камтышы мүмкүн. Бир эле тизмеге
            бир убакта сапты, сандарды, башка типтеги объекттерди киргизүүгө болот:

                              objects = [1, 2.6, ‘Hello’, True]
            Тизмелерди бири-бирине кошсо болот, анда жаңы тизме эки тизмедеги тең
            элементтерди камтып калат:

                                         x = [1, 2, 3, 4]
                                         y = [5, 6, 7, 8]
                                         z = x + y
                                         print (z)
            Жыйынтык:                    [1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8]









                                                                       www.trk.kg
   17   18   19   20   21   22   23   24   25   26   27