Page 17 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 17

WHILE ЖАНА FOR ЦИКЛДЕРИ                                17



            4-тема:

               while жана for циклдери


            Циклдер шарттуу операторлор сыяктуу эле программалоонун маанилүү
            бөлүгү болуп саналат. Алардын жардамы менен коддун кээ бир бөлүктөрүн
            кайталатууну уюштурса болот. Python тилинде циклдерди жазуу үчүн эки

            түрдөгү командалар колдонулат: while жана for.
            while цикли

            «While» англис тилинен «ошондой болгон учурда» деп которулат, башкача
            айтканда цикл (командалардын блогу) берилген шарт аткарылмайынча
            кайталана берет. Ал үчүн ар бир циклдин кадамынын башында шартты
            текшерүү аткарылат. Ошондуктан ал баштапкы шарты бар цикл деп аталат.
            1-маселе. 1ден 5ке чейинки бардык бүтүн сандарды экранга чыгаралы.
                 Python тилиндеги программа               Экранга чыккан жыйынтыгы


                      d = 0                                             1
                      while d<5:                                        2
                                                                        3
                          d+=1                                          4
                          print (d)                                     5
            Баштапкы шарт мындайча текшерилет: эгерде d өзгөрмөсүнүн мааниси
            баштапкы учурда 5тен чоң же ага барабар болсо, анда цикл бир жолу да
            кайталанбайт.

            2-маселе. Мындай мисалды карайлы: бүтүн оң сандуу ондук ситемада
            цифралардын санын аныктоо керек. Баштапкы сан бүтүн типтеги n өзгөр-
            мөсүнө жазылган деп эсептейли.

            Маселени чыгаруу үчүн, мааниси циклдин ар бир өтүшүндө өзгөрүп ту-
            руучу эсептегич өзгөрмөнү колдонобуз. Цифралардын санын эсептөө үчүн
            ар бир өтүштө эсептегичти чоңойтуу менен бул цифраларды башынан же
            аягынан бирден бөлүп алып туруш керек. Эсептегичтин баштапкы мааниси
            нөлгө барабар, анткени алгоритмди аткарууга чейин бир да цифра табыла
            элек. Акыркы цифраны бөлүп алууда санды бөлчөксүз 10 санына бөлүп
            коюу жетиштүү. Сандарды бөлүп алуу жана эсептегичти көбөйтүү амалда-
            рын санда канча цифра болсо ошончо жолу аткаруу зарыл.

            Качан гана кийинки 10го бөлүүнүн жыйынтыгында бүтүн бөлүгү нөлгө
            барабар болгондо, бул цикл аяктады дегенди түшүндүрөт.






                                                                       www.trk.kg
   12   13   14   15   16   17   18   19   20   21   22