Page 19 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 19
WHILE ЖАНА FOR ЦИКЛДЕРИ 19
Биринчи вариантта k өзгөрмөсү үч жолу колдонулат: баштапкы маанисин
ыйгарууда, циклдин шартында жана циклдин тулкусунда (1ге чоңойтуу).
Экинчи вариантта k өзгөрмөсү баштапкы жана акыркы маанилериндеги
эки сандын диапазонунда берилет, мында акыркы маани диапазонго кир-
бейт.
Циклдик өзгөрмөнүн өзгөрүү кадамы берилбесе 1ге барабар болот. Эгерде
аны өзгөртүү керек болсо range сөзүнөн кийин кашаанын ичинде үчүнчү
(кошумча) санды киргизишет – бул керектүү кадам. Мисалы, мындай цикл
2 санынын так даражаларын гана чыгарат:
Python тилиндеги программа Экранга чыккан жыйынтыгы
2
8
for k in range(1,11,2):
print ( 2**k ) 32
128
512
2
Циклдин ар бир кадамы менен циклдин өзгөрмөсү өсүүдө эле болбостон,
8
кемүүдө да болушу мүмкүн. Ал үчүн баштапкы мааниси акыркы мааниси-
32
нен чоң, ал эми кадам – терс болуш керек. Төмөнкү программа 5тен 1ге
128
512
чейинки натуралдык сандардын квадраттарын кемүү тартибинде чыгарат:
Python тилиндеги программа Экранга чыккан жыйынтыгы
25
16
for k in range(5,0,-1):
print ( k**2 ) 9
4
1
КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:
1) А жана В бүтүн сандарын алган жана Адан Вга чейинки диапазон-
догу бардык натуралдык сандардын квадраттарын чыгара турган
программаны түзгүлө.
2) Натуралдык сан берилген. Ал сандын цифраларынын суммаларын
чыгарып берген программаны жазгыла.
3) Узундугу 20 метр болгон тактай берилген. Бул тактайдан узун-
дуктары 1,5 м жана 2 м болгон бүтүн сандагы канча минималдык
кесиндиин даярдоого боло турганын эсептөөчү программаны түзгүлө.
www.trk.kg