Page 15 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 15

ШАРТТУУ ОПЕРАТОРЛОР                             15



            Python тилинде операторлордун сол жактагы чеги боюнча жылышы да чоң
            мааниге ээ. Көңүл бурсаңар if жана else сөздөрү бир деңгээлде башталат,
            ал эми ички блоктогу бардык командалар бул деңгээлге караганда оң жак-
            ка бирдей аралыкка жылышкан. Жылдыруу үчүн табуляция символу колдо-
            нулат: Tab баскычына бир жолу же төрт жолу бош орун баскычын басуу.
            Эгерде бир нече окшош шарттарды киргизүү керек болсо, анда андан кийин
            нускамалар блогу кеткен кошумча elif (else – ifтин кыскартылганы)
            блогун колдонсо болот.

            a=int(input('Өзүңүздүн жашыңызды кир-
            гизиңиз: '))                                                  ЭСИҢЕ ТУТ
            if a >= 21:
                    print('Уруксат')                                Python тилинде
            elif a >= 18:                                           шарттуу оператор-
                    print(‘Жарым-жартылай уруксат’)                 луу нускамалардын
            else:                                                   баш сөзүнүн аягына
                    print(‘Уруксат эмес’)                           сөзсүз кош чекит
            Салыштыруу операторлору                                 коюлат.
            Салыштыруу операторлору эки маанини би-
            ри-бири менен салыштырып жыйынтыгында True же False деген маанисин
            берет.

             Математикалык        Python            Мааниси          Мисал      Жыйынтык
                 символ         оператору
                   <                <               Кичине            1 < 2        True
                   >                >                 Чоң             1 > 2        False

                   <                <=        Кичине же барабар      1 <= 2        True
                   >                >=          Чоң же барабар       1 >= 2        False

                   =                ==              Барабар          1 == 2        False
                   =               ! =           Барабар эмес        1 ! = 2       True


            2-маселе. Компания элдин оюн билүү боюнча сурамжылоо жүргүзүп жатат
            жана аларды 20дан 70 жашка чейинки адамдар кызыктырат. Суралуучунун
            жашын сураган жана ал ошол белги боюнча «туура келээрин» же «туура
            келбесин» сураган программа түзгүлө.
            v өзгөрмөсүнө адамдын жашы жазылсын дейли. Анда программанын ке-
            ректүү фрагменти төмөнкүдөй болот:





                                                                       www.trk.kg
   10   11   12   13   14   15   16   17   18   19   20