Page 36 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 36
36 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ ФУНКЦИЯЛАР
Негизги программа print_char функциясын чакыруунун болгону бир
командасын гана камтыйт. Кашаанын ичинде тире («-») символун 10 жолу
чыгарыш керектигин көрсөтүүчү функциянын аргументи көрсөтүлгөн.
Глобалдык жана локалдык өзгөрмөлөр
Көпчүлүк учурларда функцияларды берилиштерди иштетүү үчүн колдону-
шат. Бул берилиштер глобалдык же локалдык болушу мүмкүн. Локалдык
өзгөрмөлөр функцияга анын атынан кийин тегерек кашаанын ичинде көр-
сөтүлгөн аргументтер аркылуу берилет. Локалдык өзгөрмөлөр ошол функ-
циянын гана «көрүнүү зонасында» жайгашат жана программанын калган
бөлүгүнө жеткиликтүү эмес. Ал эми глобалдык өзгөрмөлөр программанын
бардыгында жеткиликтүү. Аларга аты боюнча кайрылса болот жана аны
менен байланышкан маанилерди алса болот.
1-маселе. Программанын негизинде өзгөрмөлөрдүн типтерин карайлы:
def rectangle():
a = float(input('Туурасы: '))
b = float(input('Бийиктиги: '))
s = a*b
print('Аянты: ', s)
def triangle():
a = float(input('Негизи: '))
h = float(input('Бийиктиги: '))
s = 0.5*a*h
print('Аянты: ', s)
figure = input('1-тик бурчтук, 2-тик бурчтук:')
if figure == '1':
rectangle()
elif figure == '2':
triangle()
Бул маселеде 5 өзгөрмө бар, анын ичинде figure гана глобалдуу
rectangle() функциясындагы a жана b жана triangle() функциясын-
дагы a жана h өзгөрмөлөрү – локалдык. Ошону менен бирге ар кайсы
функциядагы локалдык өзгөрмөлөр – ар башка өзгөрмөлөр.
Функциядан маанилерди кайтаруу
Ар бир функция белгилүү бир жыйынтыкты берет. А түгүл силер жыйынтык
катары маанисин кайтарууну көрсөтпөсөңөр да, ал баары бир None (эч
нерсе) деген жыйынтыкты берет.
www.trk.kg