Page 49 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 49

1
          САПТАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР                                             49
              2

              3
                    Инициалдары менен фамилияны чогултабыз:
            fioshort = fio[0]+' '+fio[1][0]+'.'+ fio[2][0]+ '.'
              4
            Толук программа мындай көрүнөт:
              5
            s = input('Фамилия, атыңыз жана атаңыздын атын киргизиңиз: ')
            fio = s.split ()
            fioshort = fio[0] + ' ' + fio[1][0] + '.' + fio[2][0] + '.'
            print (fioshort)
            Саптарды салыштыруу жана сорттоо
            Биз алфавит боюнча сорттоону сөздү тезирээк табуу үчүн колдонобуз.
            Эгерде сөздүктөрдө сөздөр алфавит менен жайгашпаганда, анда биз бир
            сөздү издөө үчүн эле бир топ убакыт коротмокпуз. Python тилинде саптар-
            ды сорттоо кандай принцип менен түзүлгөн?
            Көрсө, сандар сыяктуу эле тамгалар да өзүнүн салмагына ээ экен. Алфа-
            витте биринчи турган тамга жеңилирээк, б.а. «а» «б» га караганда жеңил,
            ошондуктан сорттоодо ал биринчи чыгат. Мындан саптарды да сандар
            сыяктуу эле салыштырууга болот деген жыйынтык келип чыгат.
            Сөздөрдү салыштырууда, алгач биринчи тамгалары салыштырылат, эгер-
            де алар айырмаланса, анда салыштыруунун жыйынтыгы аныкталат. Андан
            кийинки тамгалар салыштырылбай калат. Ал эми эгерде биринчи тамга-
            лары барабар болсо, анда кийинки 2 элементи салыштырылат жана ушул
            сыяктуу аягына чейин кетет. Мисалы «паровоз» сөзү «пароход» сөзүнө
            караганда кичине: алар 5-тамгада айырмаланышат жана «в» < «х».

            Эгерде силерде текшерүү үчүн символдор бүтүп калса, анда кыска сап
            узун сапка караганда кичине, ошондуктан «пар» < «парк». Баш тамгалар
            кичине тамгадан жеңил, анткени сөздүн башында турушат.

            Бирок компьютер «алфавиттик тартипти» кайдан «билет»? Көрсө, саптар-
            ды салыштырууда символдордун ASCII жана Unicode коддору колдонулат
            экен. Демек:
                                        «ПАР» < «Пар» < «пар»
            «ПАР» жана «Пар» деген сөздөрдү салыштыралы. Биринчи символ эки
            сөздө тең бирдей, ал эми экинчиси айырмаланат – биринчи сөздө баш
            тамга, ал эми экинчисинде ошол эле тамга, бирок кичине. Символдор та-
            блицасында баш тамгалар кичине тамгадан биринчи турушат, ошондуктан
            кичине коддорго ээ. Ошондуктан «А» < «а», «П» < «п» жана «ПАР» < «Пар».





                                                                       www.trk.kg
   44   45   46   47   48   49   50   51   52   53   54