Page 52 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 52
52 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ PYTHON ТИЛИНДЕ ГРАФИКА МЕНЕН ИШТӨӨ
Силер байкадыңарбы, кээ бир жерде биз %d деп, кээ бир жерде %s деп
жаздык? Алар ордуна коюуга эмнени колдонуп жатканыбызды аныктайт:
% s – сапты коёт;
% d – бүтүн санды коёт;
% f – бөлчөк санды коёт.
Санды сапка жана сапты санга өзгөртүп түзүү
Практикалык маселелерде көбүнчө символдордун катары түрүндө жа-
зылган сандарды сандык мааниге жана тескерисинче айландырууга туура
келет. Бул үчүн Python тилинде атайын стандарттык функциялар бар:
int – сапты бүтүн санга s = '123'
айландырат N = int ( s ) #N = 123
float – сапты чыныгы санга s = '123.456'
(бөлчөк) айландырат X = float ( s ) #X = 123.456
N = 123
str – бүтүн жана бөлчөк s = str ( N ) #s = '123'
сандарды сапка айлантат X = 123.456
s = str ( X ) #s = '123.456'
Эгерде сапты санга айландыра албай калса (мисалы, сапта тамгалар
камтылса), анда ката пайда болот да программа аяктайт.
Бөлчөк сандар үчүн (float тиби), бөлчөк бөлүгүнөн канча белгини чыгаруу-
ну көрсөтүп койсок болот, мисалы:
X = 34.8589578
print('{:.2f}'.format(X)) #34.86
print('{:.3f}'.format(X)) #34.859
Эгерде чоң сандарда үтүрдү биз разряддарды бөлүү үчүн колдонгубуз
келсе, анда мындай жазабыз:
print('{:,.2f}'.format(10001.23554)) #10,001.24
КОМПЬЮТЕРДИК ПРАКТИКУМ:
Колдонуучудан логин жана паролду сураган шаблонду жазгыла.
Эгерде логин же пароль туура эмес болуп калса, «мындай логин
жана пароль табылган жок» деген билдирүүнү чыгарсын. Ал эми
логин жана пароль туура болсо, анда колдонуучунун атын көр-
сөткөн саламдашууну чыгаргыла.
www.trk.kg