Page 54 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 54
54 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ PYTHON ТИЛИНДЕ ГРАФИКА МЕНЕН ИШТӨӨ
Up() командасын колдонуп, калемди көтөрүп, башка
орундан баштап сүрөттү (же текстти) тартып баштасаңар
болот. Башка сүрөттү тартуудан мурун кайра калемди
down() командасы менен түшүрүү керек.
Айлананы тартуу үчүн circle(r,n) командасы колдонулат,
мында r – айлананын радиусу, n – биз тарткан айлананын бөлүгү, градус
менен. Эгер n = 180 градус болсо, анда калем жарым айлана сызат, n = 360
градус болсо, толук айлана сызат.
Чекитти тартуу үчүн dot(r, color) командасы колдонулат, мында r – чекиттин
радиусу (пиксель менен), color – чекит тартыла турган түс.
1-маселе. Айлана чиели, анын узундугу боюнча берилген
сандагы чекиттер бирдей бөлүштүрүлүп жайгашсын:
from turtle import*
def circ(d, r, rBig): #параметрлери менен circ
функциясы: чекиттердин саны, чекиттин радиусу, айлананын радиусу
for i in range(d):
circle(rBig, 360 / d)#чекиттердин санын айлана боюнча
бөлүштүрөбүз
dot(r, 'red')
up()
goto(150, 0) #калемди 150 пикселге оңго жылдырабыз
setheading(90) #калемди 90˚ ка бурабыз
down() #калемди сүрөт тартууну баштоо үчүн түшүрөбүз
circ(15, 10, 150) #параметрлерге маанилерин беребиз
screen.mainloop() #программанын аткарылышын токтотобуз
Фигураларды чыгаруудан башка графикалык терезеде текстти да тартса
болот. Ал үчүн параметрлери менен write() командасы колдонулат:
write(text, move, align, font = (fontname, fontsize, fontstyle))
- text параметрине тырмакчага алынып текст өзү жазылат;
- align параметри «left», «right», «center» маанилерин алат жана тексттин
абалын ташбакага салыштырмалуу өзгөртөт, маанилери тырмакчада жа-
зылат;
- font параметри fontname, fontsize, fontstyle маанилерин алат:
• fontnameге тырмакчада шрифттин аты жазылат;
• fontsize шрифттин өлчөмү үчүн жооп берет;
• fontstyle тексттин стилине жооп берет (normal – кадимки, bold – кара,
italic – курсивдүү, bold italic – кара, курсивдүү текст).
www.trk.kg