Page 58 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 58
58 PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ РЕКУРСИЯ
14-тема:
Рекурсия
Көпчүлүк учурда бир функция башка функцияны чакырышы мүмкүн. Бирок
ошол эле функция өзүн өзү да чакырышы мүмкүн. Программа түздөн түз
өзүн чакырган (жөнөкөй рекурсия) же кыйыр (башка функциялар аркылуу),
мисалы, А функциясы В функциясын чакырат, ал эми В функциясы А ны
чакырган кырдаалдар рекурсия деп аталат.
A A B C
Байкагандай, кыйыр кайрылууда чынжырдагы бардык функциялар – ре-
курсивдүү.
Рекурсивдүү объекттердин популярдуу мисалдары болуп – фракталдар
эсептелет. Мындай ат менен математикадагы өзүнө окшоштукка ээ фигу-
раларды аташат. Бул демек, алар ар бири бүтүн фигурага окшош болгон
кичинекей өлчөмдөгү фигуралар менен куралган дегенди түшүндүрөт.
1сүрөт. Серпинскийдин үч бурчтугу (1915жылы польшалык математик
В. Серпинский тарабынан сунушталган эң биринчи фракталдардан болуп
саналат).
Тең жактуу үч бурчтук кичирээк өлчөмдөгү 4 барабар үч бурчтукка бөлүнөт
(сол жактагы сүрөт), андан кийин борбордогудан башка ар бир алынган үч
бурчтук андан ары да майда 4 барабар үч бурчтукка бөлүнүшөт ж.б.
www.trk.kg