Page 62 - Программирование. Python. Для школьников. bizdin.kg
P. 62

62              PYTHON ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ                                                                        МАССИВДЕРДИ ИШТЕТҮҮ АЛГОРИТМДЕРИ




            15-тема:

               Массивдерди иштетүү алгоритмдери


            6-темада силер тизме, кортеж жана
            сөздүк түрүндөгү массивдерди үйрөнө
            баштадыңар, алар менен ар кандай                           ОШОНДОЙ ЭЛЕ КАРА
            амалдарды жасадыңар жана массивдер-                        10­тема
            ге маалыматты киргизип жана чыгарган-                      Массивдер
            ды билдиңер.

            Бул темада биз массивдеги бери-                      ЭСИҢЕ ТУТ
            лиштерди иштетүүнүн негизги стан-
            дарттык алгоритмдерин тереңирээк               Массив – бул жалпы атка
            карайбыз:                                      ээ болгон эсте жакын жай-
                                                           гашкан (кошуна уячаларда)
            •       издөө                                  өзгөрмөлөрдүн тобу. Массив-
            •       модификациялоо                         деги ар бир уяча уникалдуу
            •       сорттоо                                номерге (индекске) ээ.



                                                        Массивдин
                                                                             Массивдин
              a   Массивдин аты                     элементинин НОМЕРИ элементинин НОМЕРИ
                                                         (индекси)          (индекси): 2
                       0         1         2         3         4
                       5        10        15        20        25           a [  2  ]


                                                                     a [4]
                                               Массивдин
                                                                           Массивдин
              a [0]     a [1]            элементинин МААНИСИ        элементинин МААНИСИ: 15
            Массивден издөө

            Издөө алгоритмин маселенин мисалында карап көрөлү. а – массивдин
            аты, n – массивдеги элементтердин саны (бүтүн сан), ал эми i – өзгөрмөсү
            тизменин элементтеринин индексин билдирет.

            1-маселе. Массивден x өзгөрмөсүнүн маанисине барабар болгон эле-
            ментти табуу керек же ал элемент жок деген билдирүүнү чыгаруу керек.
            Чыгаруу алгоритми – бул массивдин биринчиден аягына чейинки бардык
            элементтерин карап чыгуу. Качан гана x ке барабар элемент табылганда,
            циклден чыгып, жыйынтыкты көрсөтүш керек.






                                                                       www.trk.kg
   57   58   59   60   61   62   63   64   65   66   67